Лионель Месси футбол тарыхында "Алтын бутсаны" 5 ирет уткан алгачкы оюнчу болду
Испаниянын "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Өлкө биринчилиги жыйынтыкталган соң "Алтын бутсанын" ээси болду. Футболчу быйыл Ла Лиганын 36 оюнунда 34 гол киргизип, муну менен 68 упай топтоп жеке байгени жеңди.
Быйылкы сезондо анын башкы каршылашы болгон англиялык "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммад Салах 32 гол киргизип, 62 упай топтогон.
Айта кетсек, Месси үчүн бул байге карьерасындагы бешинчи "Алтын бутса". Ал буга чейин 2010, 2012, 2013 жана 2017-жылдары жеңген. Аргентиналык футболчу эми футбол тарыхында 5 ирет "Алтын бутсаны" уткан алгачкы оюнчу болду. Анын башкы атаандашы Криштиану Роналду бул байгени 4 ирет алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Мен билгенден "Жылдын эн мыкты футболисти" номинациясы "алтын бутса" номинациясынан жогору турат...
Зиданда Роналдуну аяды да Чемпиондор лигасында ойносун деп ошого Ла Лигада коп оюнду откоруп жиберди.бирок Зидан Ен тура кылган Роналдуну Ла лигага тушунбой камондасын Чемпиондор лигассын финалга чыгарлы. Ал еми месси ар Бир оюнга тушосунбу бергени учун Чемпиондор лигассында ийгиликсиз болду . Роналду зато Чемпиондор лигассында бомбардир 15гол менен мессиде 6гол бар.