Ош шаарындагы "Мен Ошту сүйөм" инсталляциясын кайрадан сындырып кетишти





Ош шаарындагы "Шаардык скверге" коюлган "I LOVE OSH" инсталляциясын сындырып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы социалдык тармактагы баракчасына жазып, сындыргандарды табууга жардам көрсөтүүнү тургундардан суранууда.
Маалыматта айтылгандай, инсталляция 19-майда сынган.
"Ош шаарындагы шаардык сквердеги "I LOVE OSH" инсталляциясы орнотулган күндөн бери бир нече ирет эс алуучулар тарабынан талкаланып, "Көрктөндүрүү жана жашылданыруу чарба комбинаты" тарабынан бир нече жолу калыбына келтирилген. Ага карабастан 19-май күнү кечки саат 20:00 чамасында белгисиз эс алуучу тарабынан кайрадан талкаланды. Инсталляцияны сындырган адамды кимде ким көргөн же билген болсо, бизге билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз жана сквер, парктардагы туура эмес көрүнүштөргө көзүңүздөр түшкөн болсо, коомдук көзөмөлгө алууңуздарды суранабыз", - деп жазылат маалыматта.


Админ, Жалал-Абаддын мэриясынан сурап бергилечи, пусть ошол "I love you Jalal-Abad" деген нерседен СДПКнын логотибин алып салышсын... Болбосо СДПКны жек коргондор дагы бир кун талкалап кетишет...
Болбосо инсталляцияда СДПКнын логотибинин орун алышы сандырактык экенин тушунушмок...