Жарандарды арзан интернет, сапаттуу электрондук тейлөө менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда
Жарандарды арзан интернет, сапаттуу электрондук тейлөө менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда. Анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону гранттык каражат. Бүгүн, 21-майда буга байланышкан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясынын ортосундагы "Digital CASA" -Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде каралууда.
Долбоордун максаты - алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, маалыматтык-байланыш технологиялар тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикада санариптик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, алынган кредиттик каражатты кайтаруу 2024-жылдан тартып башталат. Ага чейин комиссиялык төлөмдөр төлөнүп турмакчы.


Сокенин акылы болсо, тыштан карыз алууга хотя бы 1-2 жыл мораторий киргизе турбайбы, Кытайдан алынган карыздар канчалык туура пайдаланылганын же канчасы сол чонтокко кеткенин текшерип, эсептеп, куноолуулорду таап, кустуруп алганга чейин.
50 миллион доллардын дагы 20-30 миллиону сол чонтокко кетет да, конгон адат боюнча...
Айткамын мен, Соке жарытпайт деп... Сокенин акчасына азгырылып добуш бергендерге наалат!!!
же мамалекет учун аз эле суммабы?
Ал эми жогорудагы сумма жепжутарлар учун аз. Аларга канча берсен да тойбойт... Сактардын ханышасы Томирис перс шахы Кирди согушта женип, анын баш соогун кан куюлган идишке малып айткан экен: Сен кан кусодун эле, эми каалашынча ич!" деп...
Биздин жепжутарлар да козу тируусундо канча болсо да тойбойт...