super.kg logo

"Мен Ошту сүйөм" инсталляциясы буга чейин 4 жолу сынып, бир да жолу "шаар душмандары" табылган эмес

 

"Мен Ошту сүйөм" инсталляциясы буга чейин 4 жолу сынып, бир да жолу "шаар душмандары" табылган эмес. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык кызматынын маалымат катчысы Иманбек Советбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган инсталляция 2016-жылы демилгелүү жаштардын уюштуруусу менен эл аралык уюмдардын каржылоосунда орнотулган. Ошондон тартып шаардык скверге көрк берип, жаштардын сүрөткө түшкөн сүйүктүү жайына айланган.

"Алгачкы жолу сынганда демилгелүү жаштар өздөрү калыбына келтирип беришкен. Кийинки жолу сындырып кетишкенде өзүбүз оңдоп жаттык, ал жерге көзөмөл камералары орнотулган эмес, ага ишканадан каражат каралган эмес. Бул шамалга сынып кете турган инсталляция эмес, атайын эле кол менен сындырып кетишет. Кээде атайлабаса да этиятсыздыктан сындырып алып качып кетишет. Ушундай учурда шаардагы тургундар сындырып алганы тууралуу тиешелүү тарапка өздөрү маалымдаганда гана шаар өнүгөт, гүлдөйт деп ойлойм. Бизде жашоочулардын айрымдарынын аң-сезими ага жетпейт", - деди маалымат катчы.

Ошондой эле бул боюнча арыз жазылып, Ош ШИИБине жөнөтүлгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.05.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Орто кылымдын жапайчылыгы менен курошпосок, жаны цивилизацияны кура албайбыз.
21.05.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жапайычылык. маданияттын, тарбиянын жоктугу. Шаарга болгон патриотизмдин жоктугу. Карангылык.Кайда баратабыз, кайран элим.
21.05.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХХХХ болсо керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-21 14:19:14
21.05.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз!
21.05.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Откондо эле биз маданият эмне экенин билбейбиз десем баарынар минус бастынар эле.Мына дагы бир далил.
21.05.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камера орнотуш керек анан каттуу жазага тартыш керек болбосо бул нерсе кайра кайталана берет
21.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kumarchik,камера койсо камерасын кошуа уурдап кетишсе керек.
21.05.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камера койсо эле табылмак турсун, эч ким тиймек эмес. Эми ошого да мээ жетпей жатат окшойт.
21.05.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видео көзөмөл коюу керек ушундай жерлерге көп нерсе чечилет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: