Арзан интернет менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан алынып жаткан 50 миллион доллардын 11 миллиону тейлөө иштерине жумшалат
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору каралды. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, алынган каражаттын 18 миллиону курулуш тармагына, 11 миллиону тейлөө тармагына жумшалат.
Комитет мүчөлөрү макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланганга чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш экенин талап кылышты.
Шаршембиев каражаттын жоктугунан долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болбой жатканын белгиледи. "Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн эксперттерге каражат төлөп бериш керек. Ратификация болгондон кийин баарын толугу менен көрсөтөбүз. Анда бүт жабдуулардын да баасы болот", - деди Шаршембиев.
Жыйынтыгында комитет тарабынан макулдашуунун долбоору жактырылды. Долбоор 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштап, насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Алгачкы 6 жылда насыянын комиссиялык төлөмдөрү гана төлөнүп турат.


Ал келишимде да модернизациянын сметасы корсотулгон эмес. Консультатка деп 2 же 20 миллион доллар болунгон. Аттиштер 600 доллардан алынган. 50$ турган огнетушитель 1600$дан алынган.
Эми кайра ошол жомок, кайрадан сметасы жок 50 миллион доллар карыз алышат имиш!!!
Эмне учун Кытайдан алынган карыздардын канчасы сол чонтокко кеткенин аныктабай туруп дагы карыз алууга шашууда?!! Кана мактаган Сокенер, ал кай жакты карап отурат?!! Биз кайдыгер болгонубуз учун да бийлик кутуруп, биздин атыбыздан карыз алып жатк
Анан дагы ушул убакытка келип эч бир долбоор коррупциясыз аткарылган эмес. Бул долбоор да ТЭЦти реконструкциялоого окшогон коррупциялык долбоор экени 10км'ден жыттанып жатат го