super.kg logo

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери бара жаткан унаа электр трансформаторун сүзүп алып, 1 адам көз жумду

 

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жол кырсыгы катталып 1 адам каза болуп, 2 милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтусуна караганда, жол кырсыгы 18-майда саат 14:35 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 58-чакырымында болгон.

"Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында Subaru Forester үлгүсүндөөгү унаанын айдоочусу белгисиз себептерден улам рулду башкара албай жолдун жээгинде жайгашкан электр трансформаторун сүзүп алган. Натыйжада унааны айдап бара жаткан 31 жаштагы У.Р. аттуу милициянын кызматкери жана анын жанында бара жаткан Т.У. аттуу 26 жаштагы кесиптеши ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми алардын артында отуруп келе жаткан Түп районунун Балбай айылынын Э.Н. аттуу 25 жаштагы тургуну кырсык болгон жерде каза болгон", - дейт Усубакунов.

Учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун..
21.05.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун. Кырсыктардан Аллах сактаган болсун. Бирок ушундай учурларда экспертизаны тыкан кылгандар болсо экен.Эмнеге астында отурушкандар милициялар жаракат алышканда артында отурганы айыл тургуну каза болуп калган? Оздору олтуруп алып авария постановка болуп калышыда мумкун. Андайдан кудай сактасын эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: