super.kg logo

Ошто өлтүрүлгөн милициянын подполковнигинин аялы: "Кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылышы керек"

 

Милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө айыпталгандардын соттук иши Ош облустук сотунда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда каза болгон милиция кызматкеринин жубайы Нургүл Мендиева айтты.

Анын айтуусуна караганда, күйөөсүн өлтүргөн адамга карата шаардык соттун чыгарган чечимине нааразы болуп, облустук сотко даттанган. Мындан улам Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча кылмыш иши 23-майда Ош облустук сотунда каралат.

"Жолдошумдун өлүмүнөн кийин болгон кылмыш иштерге катыштыгы барлардын баарына тиешелүү чаралар көрүлдү. Таксистти өлтүрүп коюшту эле, аны өлтүргөндөр өмүр бою эркинен ажыратылды. Андан кийин милициянын майорун өлтүрүп коюшту эле, кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылды. А эмне үчүн жолдошумду өлтүргөндөрдүн бирин 17 жылга, экинчисин 7 жылга эркинен ажыратышат. Бул шылдыңбы? Чиновниктердин кийлигишүүсү мененби же коррупциябы? Мунун баары бизге табышмак болуп жатат. Болгону бизге адилеттүүлүк керек", - дейт Мендиева.

Айта кетсек, 2017-жылы 23-мартта Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жансыз денеси өзүнүн унаасынын ичинен табылган. Көп өтпөй кылмышка шектелип бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: күйөөсү, аялы, алардын уулу жана үй ээсинин кайниси кармалган. Кийин аялы менен уулуна карата кылмыш иши кыскартылып, күйөөсү 17 жылга, анын кайниси 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде соттор акча менен эле жаап коюшат коррупция каерге барсан адилеттуулук деген жокко эсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: