super.kg logo

Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда

 

Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда. Мындай демилге Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда каралууда. Демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашевдин айтымында, мектепти бүтүргөн жаштардын көпчүлүгү каражатынын жоктугунан жогорку билимге ээ болбой калып жатат.

"Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан депутаттар анализдеп чыктык. Жылына 60 миңден ашуун окуучу орто мектепти, 30 миңдей окуучу толук эмес жогорку окуу жайды аяктайт экен. Алардын алдында жогорку билимге ээ болуу маселеси турат. Тилекке каршы, 5 миңдин тегерегиндеги эле окуучу бюджеттик негизде окуса, калганы акча төлөп окуйт. Көпчүлүгү акча таап келип, анан окуйм деп чет өлкөгө чыгып кеткен бойдон окубай калып жатат. Себеби үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жардам берип калып жатышат.

Ошондуктан биз жеңилдетилген түрдө насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Насыянын үстөк пайызы 5 пайызга чейин болушу керек. Эгерде андан жогору боло турган болсо, калганын мамлекет төлөп берүүсү зарыл. Ал эми студент жыл сайын насыяны алып, төлөөнү окуу жайды аяктагандан кийин төлөп баштайт. Ата-эненин акчасына окуган бала окубайт, насыя алып окуса жакшы окуйт. Себеби өзү төлөйт", - деди Карашев.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору 2019-жылдан баштап иштеп баштап, 500 абитуриентке насыя берилсе, бюджеттен 2 миллион 275 миң сом талап кылынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
21.05.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото жакшы мыйзам, бирок контрактарды дагы карап койгула, асмандын баасын чапчып жатат, ошого жараша же иш жок
21.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Каражаты жок бирок билими кучтуу, дееринде бар студенттерди дагы сынактан откозуп бекер окууга же 80-90% женилдик бербейсинерби.
21.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балким акылдуу студенттер акчасы жок окубай калсачы насыя алгылары келбей.
21.05.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалы Карашов жомок айтып баштаптыр. Биринчиден жакшы окуган окуучулар ошол алдынкы 5 мин окуучунун катарынан орун алат. Болбосо дагы 5 мин квота болгуло, биринчи 5 миндиктин катарына кирбей калган, жардамга муктаж студенттерге деп... Кайдагы насыяны айтпай. Студент билим алабы же насыя толойм деп окуусунан калып иш издейби?!!

Эми экинчи маселе, Россия ж.б.журуп окуусун акча менен бутуруп жаткан студенттер тууралуу. Бул студенттер эртен дипломдуу болду дейли.
21.05.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дипломдуу болуп, акчанын кучу менен бир креслого да отурду, бирок башында эч нерсе болбосо, диплому болгон менен билими болбосо, ошондон кантип жакшы кадр чыгат?!! Эмнеге ошолорду ойлобойсунар?!!

Аалы Карашов каяктагы насыяны айтпай, билим беруу системасындагы коррупцияны жойбойбу?!! Тигине Бишкектин студент кыздарынын бир тобу виртуальный сойку болуп журот, интернет аркылуу "кызмат корсотуп"... Ошолбу бугунку студенттердин денгээли, тушунугу, ыйманы?!!
21.05.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалы Карашов караса ошого окшогон маселелерге конул бурбайбы, жомок айтып доорубостон?!!

Эми насыяга келсек, Казахстанга окшоп жаш уй-булолорго 5%тен кредит берсе болот, 3-5 жылга чейин потребительский кредит, 10-15 жылга чейин ипотекалык кредит, анан каякта иштейсин, канча табасын, мынча документ алып кел деп жаштарды кыйнабай. Окмот жардам кылса, жаштардын иши да акырындык менен онолот да.

Кыскасы керектуу нерселерди ойлонгула, кереги жок нерселерге баш катырбай.
21.05.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда жок студенттерге Окмот кам коргусу келсе, мен жогопуда айткандай дагы 5000 окуучуга квота болунсун, университеттерге ошол 5000 окуусу/студентти 5 жыл жатакана менен акысыз камсыз кылуу тапшырмасы берилсин. Университеттерде паракорчулук жоюлсун. Мына ушул кадамдар эле студенттердин жакшы билим алуусуна чоон стимул.
21.05.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Насыяга каражат берип, эми гана мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшырган жаткан абитруентти карыз кылбай эле, бюджеттик негизде окугандай кылып шарт тузуп берип койсо болбойбу?! мунунар болбойт, же пайызсыз кылып анан окуу жайдагы коррупцияны жойгонго аракет кылгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: