super.kg logo

Астротөлгө: 22-май күнү төрөлгөндөрдүн амбициясы күчтүү болобу?

 

Биринчи жолу кезиктирген адам 22-май күнү төрөлгөн эгиздерди ачык-айрым, ак көңүл, шайыр жана мамилечил адам катары сыпатташат. Алар максатына умтулган, амбициясы күчтүү адамдар. Ушул күнү жарыкка келгендер башкаруучу болууга жаралгандай. Адамдарды бир көргөндө эле билип, баалай алат. Таасирдүү кеңеши менен бөлүшүп турат.

22 санынын алдында төрөлгөндөр активдүү, энергиясы ашып-ташкан, жумуш ылгабаган эмгекчил болушат. Алар иш процессин ырахат тартуулоочу учур деп баалайт. Андыктан кылган кызматы, сиңирген иши үчүн наам же сыйлык алууну көздөбөйт. Бир иш менен узак убакыт алектениши мүмкүн. Чыгармачыл чөйрөдө иштөөгө жөндөмдүү болгондуктан, алардан мыкты кол өнөрчүлөр чыгат.

Айрым эгиздер карьераны эмес үй-бүлөнү тандайт. Мындай учурда алардын башкы кызматы балдарды тарбиялоо болуп калат. Үй-бүлөдөгү бакубаттык жанан жакындарынын колдоосу ушул күнү жарыкка келген эгиздер үчүн маанилүү.

Бул адамдар өтүп кеткен өмүрүнө канааттанбайт. Кек сактай берет. Анан дагы эмоционалдуу болушат. Андыктан жылдыздар өткөн ишке өкүнүүдөн мурда андан сабак алып, айрым нерселерге болгон көз карашын өзгөртүүнү, сабырдуу болууну сунуштайт.

Баса, 22-майда төрөлгөн эгиздер оома болуп, ар кимдин оюна кошула берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: