super.kg logo

Ошто 3 Кыргыз жараны Кытай жараны менен биригип өзбекстандык адамды барымтага алышкан

 

Үч Кыргыз жараны жана 1 Кытай жараны Өзбекстандын тургунун сабап, эркиндигин чектөө менен кармап отурушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-майда Ош ОИИБинин басма сөз кызматчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-майда "Достук" көзөмөл-өткөрүү постуна бара жаткан жолдо Өзбекстандын Андижан шаарынын 32 жаштагы И.Т. аттуу тургунун эки бейтааныш адам унаага салып белгисиз тарапка алып кеткен.

"16-майда кылмышка шектүүлөр аныкталып, шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири 44 жаштагы А.З. аттуу Кытай жараны болгон. Ошондой эле Өзгөн шаарынын Х.А. аттуу 37 жаштагы тургуну, Кара-Суу районун Отуз-Адыр аймагынын 26 жаштагы Р.Э. аттуу жашоочусу жана Ош шаарынын 25 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалган.

Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу моюнунан муунтуп, унаага күч менен салып, сабап, биринин батирине алып барып кармап отурушкан.

Шектүүлөр мындай кадамга жабырлануучу 4-5-жыл мурда Кытай жараны менен соода-сатык мамилелери боюнча өнбөгөн карызы үчүн ушундай өзүм билемдик кадамдарга барышкандыгын билдиришкен", - дейт Аширбаев.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөй, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө) менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытай жаранына эмне жок.жон эле журбойбу кутурбай.Озбек тарап даро нота жонотубу.Биздикилер бытырчылап издеп дароо таап бериштиби
21.05.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
[moderated] ХХХХХХ,буларга келгенде эле кыргызстандын закону иштеп кетет.Эжемин акчасын [moderated] алдап алып 5 айдан бери качып журот.Укук коргоо органдары да эч нерсе кыла албайбыз деп отурушат.Ушуга окшогон жадаган бироо салган да буларды.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:34:58
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: