super.kg logo

Депутат Садык Шер-Нияз КТРКнын байкоочу кеңешин сынга алды

 

Депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешин сынга алды. Жыйында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралып, анын төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматы угулуп жаткан. Депутат Садык Шер-Нияз аталган кеңеш өз ишин аткара албаганын белгиледи. Анын пикиринде, эфирден берилип жаткан маалыматтарга көзөмөл жүргүзүп, бир тараптуулукка тоскоолдук жаратуусу керек эле.

"Байкоочу кеңештин төрагасы айтып жаткан чарбалык иштер КТРКнын директорунун иши болсо керек. Ал киши жасаган жумуштарды биз жасадык деп отчёт берүүнүн өзү уят. Байкоочу кеңеш КТРКнын коомдук канал болуп сакталуусун көзөмөлдөсүн деп түзүлгөн. Бирок коомдук канал көпчүлүк учурда саясий каналга айланып кетти. Мисалы, Абдил Сегизбаев уюштурган "Белизгейтти” бир жума көрсөттү. Эч бир факты жок, кызылдай жалган маалымат. Экинчи тараптын пикири берилген жок, бир тараптуу гана кетип жатты. Айрым учурда башкы директорго президент, өкмөт же Жогорку Кеңеш тарабынан үстөмдүк жасалышы мүмкүн. Байкоочу кеңеш ошондой учурда “андай эмес, мындай болот" деп айта турган. Жыпар Жекшеевич, сизди демократиянын мыкты үлгүсүн көрсөтөт деп шайлап бергенбиз. Тилекке каршы, ал тилегибиз орундалбай жатат.

Эми оюн эле болуп жатат да. 6 ай мурун бир кишилерди айга-күнгө теңедик. Бүгүн кайра тескери буруп жатса, элдин деле башы айланып калат экен. Ошол жерде чыныгы аксакалдарыбыз болсо, ошол жерде отургандар туура сөздөрүн айтып турса, жок дегенде саясий маселелер жылма өтүп турмак да”, - деди Шер-Нияз.

Байкоочу кеңеш 15 адамдан турса, анын 5и президент тарабынан, 5и Жогорку кеңеш тарабынан, 5и жарандык коом тарабынан сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
21.05.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтылган сөз, ошол эле Азамат агабыз деле эми эле үн катып, ал мындай, бул тигиндей деп баштады. Болбосо кыргыз маданиятында, кыйла салмагы бар адам, жок дегенде маданияттын тили менен деле айтып чыкса болмок, эми минтип тигилердин куржуну, кунандан ооп баратканда, өтмүштү айта калып, өзүн көргөзгүсү келген өндөнөт. Андай болбосо, анда эмнеге, убагында ушул нерселерди айтып чыккан жок.
21.05.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdyrawit,айтып эле жатты сен окубай же көрбөй калган окшойсун
22.05.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdyrawit,бул депутат дайым эле чындыкты айтып келет жана кыргыз тилине куйгон абдан патриот инсан.
21.05.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу КТРди жоюп салуу керек болуп калды. Ага корогон кайран миллиондор. Же жакшы корсотуулору жок. Жанылыктары бир жактуу, конул айнытат. Барынан жогу мындай каналдын. Ага караганда жаны ачылган чакан телеканалдар кызыктуу корсотуулор сунат, жанылыктары да более менее обьективдуу...
22.05.2018. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шер Нияз жана башкалар олуттуу маселелерди, армия жонундо, тышкы карыздар, ондуруш жонундо,улуттук кызыкчылыктар жонундо маселе которгонду ойлошобу деги же жалан эле бирин бири чукулоо,кызмат болушо албай камоо болуп журоберишеби? Кытай берген кредитин эмненге ТВЕА озу билемдик менен иштеткен ж.б маселелерди карабайбы журобербей семирип. Мен президент болсом ушулардын баарын топтоп жазасын бермекмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: