super.kg logo

СУПЕРСТАН: Келчи кучагыма!

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келчи кучагыма!" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Сиз түгөйүңүз же сүйүктүү адамыңыз менен көп кучакташасызбы? Же башка адамдар менен дагыбы? Кучакташуу сизге кандай сезим калтырат жана пайдасы барбы?

Мен өтө капа болгондо жолдошум менен кучакташсам, мени жаман нерселерден сактап тургандай сезилет. Анан, албетте, кучакташып сагынычты да таратабыз. Кичинекей балам дагы "мама мени кучап (кучактапка тили келбейт) жатчы" деп калат. Азыр кыз-жигит кездеги сүрөттөрдү карасам баарында кучакташып түшкөн сүрөттөр. Анан да, апам менен кучакташканда кадимкидей кубат алгандай болом. Кучакташуу менимче, адамдарга өтө пайдалуу болсо керек. Адамдан кандайдыр бир колдоо, энергия аласың, жеңилдей түшөсүң, энергия алмашуу десе да болот го", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Бирөөнү кучактагым келип жүрөт... Ошондой мүмкүнчүлүк болуп калса, өпкө-жүрөгү куушурулуп, арка сөөктөрү кычырап кетет го байкуш назик жандын".

- "Эне сени кучактап жаткан убакта, сени болгон кайгы-капаңдан арылтып, кубанычыңа кубаныч кошуп, ооруп турсаң, дартыңа даба болот... Бул кучакташууну эне гана бере алат, энеден гана сезе аласың. Бир туугандарды, дос-курбуларыңды, бөбөктөрдү кучактоо бул да өзүнчө керемет. Ал эми сүйгөн адамың менен кучакташуу - бул өзгөчө ырахат, кучагынан чыкпай өмүр бою кучакташып эле жүргүң келет".

- "Мен бир адам менен кучакташып турганды жакшы көрөм... Эч алыстагым келбей, катуу кысып алып жытын искеп тура берем, ошонун кучагын сагындым. Анан сиңдилерим бар, аларды акырын кысып, эркелетип, далыга чаап коём".

- "Эң сонун да, кучакташуу! Мен ата-энемди кучактаганды аябай сагындым. Келгилечи кучагыма!"

- "Мени кучактаса билбейм, бирок мен кысып кучактасам "бирөөнү" баардык нерсе унутулуп, жашоо сонун экенин билип калгандаймын".

- "Мен атамды катуу кучактап, сагынганымды айтып, ыйлап алгым келип жүрөт. Апамды кучактап, эркелесем кичине жеңилдейм. Анан кучактап уктап калам. Бир туугандарымдын кучагына кирип эркелей берем".

- "Мен эң биринчиден, апамды кучактаганды жакшы көрөм. Азыр болсо бир бала бар, аны "жигит" деп коём. Жигитиме кантип сагындың десем, мени катуу кысып кучактайт, канчалык катуу сагынса, ошончолук катуу кысат, бир күнү кысып атып тумчуктуруп салбаса эле болду..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.05.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Келгилечи кучакташалы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 09:04:51
21.05.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
jengoo,Чык эшике! Бул жактын кыздарын эже-карындаштарыңдай көрбө!
Ernic түзөттү 2018-05-21 20:09:35
21.05.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Суперстандын кайсы темасында экен
21.05.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
21.05.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жаным, алтыным келчи кучагыма. Берекем, таттуум, жалгызым таарынчагым, уялчагым. Сени ушул туну бир кучактап, тошокто розадай болгон жытындан жыттап, эркелетип, жумшак диванда ары оонап, бери оонап тан аттырсак арманым жок эле. Бар болчу жаным. Сен менин эрмегимсин, кундузу дагы, тункусу дагы, чырагым менин Айперим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: