super.kg logo

"Ош базарынын" соодагерлери Ак Үйгө жардам сурап келишсе, чиновниктер бир нече күндөн кийин жооп беребиз дешти

 

Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" өрттөн жабыр тарткан соодагерлери Ак Үйдүн алдына келишти. Алар өкмөттөн материалдык жардам жана базардагы өрттөнгөн жайларды тезирээк калыбына келтирүүнү суранышууда.

Соодагерлердин бири Жамал Мусабекова 10-апрелден бери Ак Үйдүн алдына келип жатышканын айтты. "Базарда менин 10 ордум бар болчу. Түркиядан алып келген товарларым толугу менен өрттөнүп, 100 миң доллар жабыр тарттым. Мэрия 10 миң сом берген. Жогорку Кеңешке барсак өкмөт чечет дейт, ал жакка барсак мэрия чечет дейт. Барып-барып базардын чоңуна токтолот. Ал жаңы орундарды куруп беребиз дейт, бирок аябай убакыт созулуп жатат", - деди ал.

Соодагерлер менен президенттик аппараттын өкүлү келип жолукту. Ал бир нече күндөн кийин жооп болорун айтты.






"Ош базарынын" соодагерлери Ак Үйгө келишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эл 1 места таппай журсо 10 местам бар дейтго
21.05.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда бироонун кайгысына, бироо кайгырбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: