super.kg logo

Азамат Болгонбаев Жыпар Жекшеевге: "Бул киши демократиянын терисин жамынган диктатор экен"

 

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевди "демократиянын терисин жамынган диктатор" деп атады. Болгонбаев мындай пикирин Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Комитет жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралып жаткан. Болгонбаев байкоочу кеңештин мүчөсү катары өз оюн билдирип, кемчиликтерге токтолду.

"Мен КТРКнын башкы директорунун отчётуна каршы добуш берген адам катары оюмду билдирип койсом. Отчётто көчмө телестудия боюнча маалымат берилген эмес. Ал элдин акчасына алынып жатат да. Андан кийин көпчүлүк учурда бир тараптуу саясий каралоолор жүрүп жатканда байкоочу кеңештин атынан башкы директор Илим Майрамбековичке кайрылып жаттык, "маалыматты тактап, экинчи тараптын да маалыматын берсеңиздер" деп. Бирок Илим Майрамбекович өзгөчө шайлоо учурунда "сотко кайрылган жок" деген эле жооп менен кутулуп жатты. Ошол учурда кезексиз жыйын өткөрүп, КТРКны булгабаңыз" деп сөз менен болсо да айтып коёлу дегенбиз. Бирок байкоочу кеңештин төрагасы дагы, директор да жыйынга чогулган жок. Байкоочу кеңеш да ошон үчүн каршы тура алган жокпуз. Баарыбыз кол көтөрүп берип эле отурдук. Ошондуктан мен Илим Майрамбековичтин отчётуна каршы болгом. Бул жерде мыйзамды эмес, башкы директордун ар-намысын өзгөртүүгө аракет кылыш керек. Директордун отчёту саясий оюнга айланып, керек болсо, "телефондон колдоп берип коёлу" дегенге чейин барып кала жаздадык. Жыпар Жекшеевди демократияны туу туткан адам катары сыйлайбыз. Бирок бул киши "демекратиянын терисин жамынган диктатор" экени айрым учурда жүрөккө тиет экен", - деди Болгонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.05.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул Жыпар Жекшээв Атамбайдын эн жакшы куралы ото начар адам ДЕЖУР бул ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:26:06
21.05.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
qwert, туура айттың колунан ХХХХХХ киши. ХХХХХХХ окшойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:26:24
22.05.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kojo1995, qwert, этика нормаларын сактагыла!
21.05.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эң туура пикир.Бул дежур болгондо кандай дежур
21.05.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атамбаевдин командасынын ХХХХХХХХХ эле да булар
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:26:51
21.05.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жыпар өзүнүн аксакал болуп калганын деле сезбей калды.Уят да болгондо да коомдук каналда олтуруп дүжүрлүк кылганы.АШАнын былыктарын угуп билип туруп ХХХХХХХХ.Карыганда сыйы менен эле болсо болмок.Илимге го сөз деле жок.Даана эле ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:27:24
22.05.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat-77, bahabaike, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
21.05.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызык Азамат агабыз, ошол нерсени эми билиптирби? Буга чейин кайда жүрдү экен, Илим Карыпбеков КТРК дан жападай жалаа, жалган берүүлөрдү бердирип жатканда, байкоочу кеңеш кайда эле, түштөн чочугандай, тура калып, жыгылып турган адамды тепкилеген туура эмес. Ар нерсенин өз убагында айтылганы жакшы болчу
21.05.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип биринерди биринер чукубай , барып чек араны коргосонор пайдалуу иш болмок..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: