super.kg logo

"Алайдын" оюнчусунун Кант шаарындагы оюндан кийин сабалышы боюнча "Алга" клубу билдирүү таратты

 

"Алайдын" оюнчусу Алиа Силланын Кант шаарындагы "Алга" менен болгон беттештен кийин сабалышы боюнча "Алга" клубу билдирүү таратты. Ал билдирүүдө Алиа Силланын сабалуусуна алардын күйөрмандарынын, клубдун кызматкерлеринин тиешеси жок экени айтылат.

"Алай" жана "Алганын" оюнчулары массалык түрдө мушташканы тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал жаңжал "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла менен "Алга" клубуна эч кандай тиешеси жок белгисиз адамдын айтуусунан улам келип чыккан. "Алайдын" оюнчусунун оюн учурундагы жана оюн бүткөндөн кийинки агрессивдүү аракеттеринин аягы белгисиз адамдар менен "Алайдын" оюнчуларынын ортосунда массалык мушташка алып келди.

Бул жаңжалга "Алга" клубунун оюнчулары жана кызматкерлери катышкан жок. Бул кырдаал бизди да түйшөлтүп жатат. Бизди биринчи кезекте, дайым конок команданын оюнчуларынын ден соолугу жана коопсуздугу ойлондурат. Бул оюнду өткөрөрдө Топ-Лиганын талабына ылайык, бардык шарттарды түзгөнбүз.

Биз Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын Дисциплинардык комитетинен "Алайдын" оюнчусу Алиа Силланын оюн учурундагы жана оюндан кийинки жасаган аракеттерине баа берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Анткени мындай окуялардын дагы кайталануусунун каалабайбыз.

Ошондой эле биз официалдуу билдиребиз, бул жаңжалда эч кандай аймактарга бөлүнүү көз карашы болгон жок, бизге жер-жерлерге бөлүнүү терс көрүнүш", - деп айтылат аталган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
21.05.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алга молодец!Болунгонду бору жейт..Алай
Алга Дордой баарынар бирдейсинер биз учун.Алга Кыргызстан!!!!
Azat.97 түзөттү 2018-05-21 20:30:57
21.05.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алга жанын жеп баштадыбы?!! Балким мушташка Алга клубунун оюнчу менен кызматкерлеринин тиешеси жок чыгаар, бирок Алганын куйормандпрынын тиешеси жок дегени, асманда кун жок деген сынары карандай калп болуп калды. Анан бут шартты тузгонбуз дейсинер, кана коопсуздук кызматынын иштегени?!! Раздевалкага каяктагы зоокурлор кайдан келди, аларды ким киргизди, коопсуздук кызмаиы каякта?!!

Кыскасы, куноолуулор гана чындыкты айтпай тайсалдап, калп суйлоп актанып башташат.
21.05.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куноолулор толтура.ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 10:07:18
22.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79, этика нормаларын сактаңыз!
22.05.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актанбагыла эми калп эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: