super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Сууда жол кырсыгы катталып, "Тез жардамдын" кечиккенинен жабыркагандарды унааларга салып ооруканага алып кеттик" дейт окурман

 

"Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жол кырсыгы катталып, "Тез жардам" кызматынын кечиккенинен улам жабыркаган тургундарды унааларга салып, ооруканага өзүбүз жеткирүүгө аргасыз болдук", - деп окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жазды.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-майда саат 15:00дөр чамасында болгон.

"Ошол учурда Отуз-Адыр айылындагы "Тез жардам" кызматына чалганыбызда: "Бизде түштөнүү болуп жатат" деп келген эмес. Жүргүнчүлөр ар кандай жаракат алышкан. Кийин Оштон "Тез жардам" кызматы келди, бирок ага чейин жабыркагандарды биз унаага салып ооруканага жеткирүүгө аргасыз болдук. Алар келгенде жеңил жаракат алган аял менен кызы эле бар болчу. Негизи мындай учурда медициналык биринчи жардам көрсөтүү маанилүү да. "Тез жардам" кызматын жоопкерчиликтүү болууга чакырам", - деп жазылат билдирүүдө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.05.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо аларга ещё бензин куйуп беришин керек, баштан откон. Куршаптан ошко чейин 20 литр ставка
22.05.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа баардык жерде эле скорыйлар кечигип келет, бирок буга скорый эмес мамлекет куноолу деп ойлойм, машиналар аз, баары эски, биздин да баштан откон скорый келгенче жарым жолго чейин машина мн барып андан скорыйга которуп алып кеткенбиз, скорыйдын ичиндеги шарттын жоктугун айт, андан коро машинабыз мн эле жеткире бербептирбиз дегем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: