super.kg logo

Депутаттар интернет үчүн Дүйнөлүк банктан карыз алуу боюнча долбоордогу катачылыктарды таап чыгышты

 

Өкмөт арзан интернет менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алууда. Анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону гранттык каражат. Буга байланышкан макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында каралууда.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, долбоор 2019-жылдын экинчи жарымынан тарта ишке ашырылса, ар бир айылга бир жылдын аралыгында интернет жеткирилет. "Аталган долбоор боюнча алынган каражат уюлдук компанияларга берилет. Насыяны ошолор төлөйт. Мисалы, биз насыяны Дүйнөлүк банктан 38 жылдык мөөнөт менен алып жатсак, ал кайра уюлдук компанияларга 15 жылга берилет", - деди Шаршембиев.

Ал эми депутаттар алынып жаткан каражаттын канча бөлүгү кайда жумшаларына кызыгышты. Депутат Бактыбек Сыдыков документтин бир барагында консультациялык иштер үчүн ал акчанын 11 миллион доллары бөлүнө турганы көрсөтүлсө, дагы бир тарабында 13 миллион бөлүнөрү көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. "Бардык эле жеринде консультация үчүн деп жазылып жатат. Силер болгону 11 миллион деп жатасыңар. Бул эмне болгон макулдашуу?" - деди Сыдыков.

Бакыт Шаршембиев бул техникалык катачылык болгонун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
22.05.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ачык эле махинация!!! Коррупциялык афера!!! Депутаттар ТЭЦти жанылоого 386 миллион долларды ратификациялап жатканда да сметасын сурашкан эмес да, туштон кийин бир аттиш 600$, бир огнетушитель 1900$бы деп эстери ооп жатат...

Бул 50 миллион долларлык карыз да дал ошол коррупциялык схема менен кетип жатат. Долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси (сметасы) жок эле асмандан алып 50 миллион доллар, анын 18 миллиону курулушка, 11 миллиону тейлоого жумшалат деп жатышат.
22.05.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер сметасы жок болсо, ошол 50 миллион доллар, 18 миллион, 11 миллиондорду кантип эсептеп чыктынар?!! Анан смета тузууго акча жок дейсинер, уюлдук компанияларда кантип акча жок?!! Эмнеге жанынарды жейсинер, ачык эле айтпайсынарбы, сол чонтокко акча керек болуп жатат деп!!!

Депутаттар, козунорду ачкыла. Эртеби кечпи Кыргызстанда бийлик алмашат, башка, эл учун куйгон азаматтар бийликке келчу да кун келет. Ошондо бугунку катанар учун жооп берип калышынар мумкун...
22.05.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убак сааты келип ири коррупциялык иштерге аралашкандар, олко кызыкчылыгына каршы иш кылгандар жазаланат. Алардын катарында ТЭЦти 386 миллион долларга жанылоого "макул" деп добуш берген депутаттар дагы жазаланат. Бугунку депутаттар ошолордун катасын кайталабагыла!!!

Сметасы жок коррупция жыттанган долбоорду колдосонор оз шорунар озунорго!!!

Уюлдук компаниялар оздору карыз алсын, элдин атынан карыз алып беруу оюнарга да келбесин!!!
22.05.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчаны жеген адамдар баары бир соттолбойт. Соттогон кундо да акталып чыгат.коррупциянерлер аны жакшы билет. Кытайдай болуп атууга кетирсе ошондо онолушмак
22.05.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Пока кредит албай эле койгулачы, ыймандуу жетекчилер келмейинче
22.05.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интернеттен башка проблеманы чечип алгылачы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: