super.kg logo

Аркансыз эле алаканын тийгизип унаа сүйрөгөн "Магнит баатыр": "Кичинемде колума буюмдар жармашса, элдин баары ушундай болсо керек деп ойлогом"

 

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну 43 жаштагы Жунусали Сайдинов денесиндеги өзгөчө касиети менен буюм-тайымдарды өзүнө жармаштыра алат. Ал өтө сейрек кездешкен өзгөчөлүгү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, мындай өзгөчөлүк ата-бабаларында болгон.

"Денеме кандайдыр бир буюмдардын жармашканы кичинемде эле бар болчу. Мектепте окуп жүргөндө дептер, ручка, китептерди кармап туруп таштап жиберсем кулабай колума жармашып калчу. Апамдын айтуусуна караганда, наристе кезимде эле буюм тайымдар денеме жармашып кала берчү экен. Мен бул көрүнүштөргө кичинемде көңүл деле бурчу эмес элем, анткени бардык адамдардын денесине буюмдар жармашат деп ойлогом.

Кийин мектепти аяктап жаткан учурда бул касиет күчөп, колума темирлер да жармаша баштады. Мунун ден соолукка коркунуч жараткан таасири болсо керек деп медициналык борборлорго барып көрүнө баштадым. Алардын көбү менин ден соолугум жайында экенин айтышты. Кийин алардын бири менин денемде ашыкча магниттик энергия бар экенин, ашыкча чогулган учурда чыгарып туруу керектигин айтты. Андан кийин мен колу-бутумду сууга салып, шамалга туруп ашыкча энергиялардан арыла баштадым. Бир жолу бир адамга массаж жасап бердим эле, дароо денемдеги уюган жерлер жоголду, тердеп оңолуп калдым деди. Ошентип ар кандай ооруган адамдарга мендеги магниттик энергия менен жардам берүүгө өттүм.

Мындай өзгөчө сапаттар чоң атамдын атасында болуптур, ал да ооругандарга жардам берчү экен. Жадакалса бир жолу ажыга бара жаткандарга табып катары кошулуп барып келген экен", - дейт Сайдинов.

Андан сырткары ал учурда аркансыз алаканын тийгизип эле жүргүнчүлөрү менен жеңил унааны сүйрөй аларын, ар кандай буюмдарды бир нече мүнөткө чейин денесине жармаштырып тура аларын айтат.

"Мындан тышкары учурда рекорддорду жаратып, Кыргыз Республикасынын желегин желбиретсем деп турам. Жакында Орусиянын 1-каналындагы "Я могу" теледолбооруна барып, 10 рекорд койсом деп даярданып жатам", - дейт Жунусали Сайдинов.


кошулду





"Магнит баатыр" 1

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
23.05.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тооба кылдым
23.05.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жумуртка жутуп шумдуктуу болуп көрунгүсү келген чыпалак баатыр бул магнитадамдын алдында эчнерсеге жарабай калыптырда)).
23.05.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Эчкандай магнити жок бул кишинин магнит адамда болушу да мумкун эмес любой предмедти колуну таза жууп тебираз тердем турганда жармаштырсан жон эле жармашат
23.05.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Талантынызга таазим Байке мындай касиеттер саналуу гана адамдарда болот ийгилик
Медиа-портал
23.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чыпалак модадан тушосун го
23.05.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары эле баатыр.Жинди баатыр болуп мен чыксамбы?
Azat.97 түзөттү 2018-05-23 15:50:38
23.05.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
бир суроо да, аялыныз сиз менен кучакташкандан коркпойбу?
23.05.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шумдукко бул киши, рекорд жаратып может гиннес китебине кирет
23.05.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы экен да машина чукулап атса тетиктерин каалаган жерине асып алат жоготпой
24.05.2018. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Укмуш !!!
24.05.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биомагнит денесинде коп турбайбы, мындай адамдар коп эле, эжеме да кичинекей кезинде колуна кашыктар жабышып калчы деп уйдогулор коп айтышат.
Медиа-портал
24.05.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизден ар кандай батырлар чыга баштады го Чыпалак, Магнит, ...
Медиа-портал
24.05.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
NES1380,кычкач баатыр, көчөт баатыр дегендер дагы чыккан, кыргызым талантка бай
24.05.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Этият бол кочодо баратканында автоуналар магнитине тартылып кетип басып калбасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: