super.kg logo

Жогорку Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Сотто мурдагы депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланууда. Ишти Каныбек Бокоев, Арзыбек Акыев жана Болотбек Акматов кирген соттук коллегия карап, ага Каныбек Бокоев төрагалык кылып жатат.

14:05. Сот отуруму башталды. Отурум чакан бөлмөдө өтүп жаткандыктан Салянованын тарапташтары залга батпай коопсуздук кызматы менен тарапташтарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ошондо да сыртта батпай калган адамдар көп.

14:10. Сотто Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилди. Алар Саляновага карата саясий басым жасалганын билдирип, аны актоо үчүн себептерди келтиришүүдө.

14:50. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова сүйлөп жатат. Ал Салянованын ишин тергөөдө катачылыктар жана эске алынбаган иштер көп экенин айтты. Ошондой эле мурдагы баш прокурордун Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартпай коюуга укугу болгон эместигин белгиледи. "Эгер Салянова лицензияны узартуудан баш тартса, мыйзамга каршы келген кадамга барууга мажбур болмок", - деди Сыдыкова.

15:02. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова райондук жана шаардык соттор чечим кабыл алып жатканда мыйзамсыз аракеттерди жасаганын айтты. "Биз сотторго далай жолу өтүнүчтөрдү келтирдик. Бирок өтүнүчтөрүбүз чечим чыгарылганда эске алынган жок, ишке тиркелген жок. Андан сырткары Салянованын укугу жактоочуларынын көзүнчө да тебеленип, отурумдарда басым көрсөтүлүп жатты. Биз бул процессте 13төн ашык ирет сотко ишенбөөчүлүк көрсөттүк. Мисалы, сот Касымбеков чечим чыгарарда Салянованын өзүнө да сөз берген жок", - деди Сыдыкова.

15:10. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова Саляновага козголгон кылмыш иши толук саясий буйрук болгонун айтты. "Бул саясий буйрук менен козголгон иш. Бул нерсени тергөөчүлөрдүн аша чапкан аракеттери эле айтып турат. Алар да бул саясий буйрук экенин билип, ишти да чала тергешкен. Ошондой эле чала бойдон сотко өткөрүп беришкен", - деди Сыдыкова. Ошондой эле ал судья Касымбеков мыйзамга ылайык чечим чыгарбастан, ошол учурдагы саясий абалга жараша чечим чыгарганын айтты.

15:20. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова УКМКнын айрым күбөлөрү жасалма экенин айтты. "Соттук материалдарда Алексей Елисеевдин Кыргыз жергесинде алган, Салянова узартып берген лицензия менен интернет-сайт ачып иштетип жатканы айтылат. Ал сайтты биз да ачып көрдүк, иштеген жок. Мындан тышкары иште тергөөчүлөрдүн күбөлөрү бар. Бирок биз аларды бир да жолу көргөн жокпуз. Сүйлөшүп биздин көзүбүзчө суракка алынышын каалаганбыз. Алардын аты-жөнү менен Мамлекеттик каттоо кызматына өтүнүч жөнөттүк эле, алар андай адамдар жок экенин билдирип жооп беришти. Ал паспорттору жок адамдарды тергөөчүлөр кантип күбө катары катташты? Андан сырткары алар УКМКнын имаратына кантип кирди деген суроо да пайда болот", - деди Сыдыкова.

16:00. Аида Салянова жарыш сөзүн баштады. "Мыйзам сакталган өлкөдө сыймыктануу менен жашаш керек" деген кеп бар. Ал эми биздин өлкөдө акыркы учурда мыйзам менен жашоо коркунучтуу болуп калды, айрыкча, ал бир адамдын көңүлүнө жакпаса коркунучтуу болуп калды", - деп баштады Салянова.

16:05. Аида Салянова: "Акыркы жылдары мага жана жакындарыма карата саясий куугунтук жүрүп, көө жабуу аракеттери өтө көп болду. Кеткен бийлик эмнеси менен мактана алат? Алар: 30-40тай камалган саясий атаандаштар, сөз эркиндиги чектелип куугунтукка кабылган айыпка жыгылган журналисттер, үй мүлктөрү камакка алынган жактоочулар менен "мактана алат". Ошондой эле өтө чоң коррупциялашкан 3-4 долбоор менен "мактана алат".

16:10. Аида Салянова соттук коллегияга жана сотко келгендерге кайрылып: "Мен сөзүмдү жыйынтыктап жатып силерди адилет чечим чыгарат деп ишенеримди айткым келди. Ошондой эле мени ушунча убакыт колдоп келген адамдарга ыраазычылык билдирем", - деп жарыш сөзүн жыйынтыктады.

16:15. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти.

17:30. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн сот залына кайтып келди.

17:36. Жогорку Сот Аида Салянова боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

17:40. Аида Салянова: "Чечим менен макул эмеспиз. Биз актоо чечими чыгышы үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз. Алардын бири жаңы жагдайлардын ачылышы болот".

Жогорку Сот Аида Саляновага карата өкүмдү күчүндө калтырды (17:30-17:50)

Жогорку Сотто Аида Салянованын иши каралууда (14:00-16:15)


кошулду





Жогорку Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(25)
22.05.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акталсын ошондо гана чындык бар экенин, соттор ак экенине ишенебиз!
22.05.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
butpoi koidugo sotu
22.05.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Лицензия менен самолеттун (Дача-Суудагы) айырмасы кагаз менен самолеттой го. Ушул учун соттолуп атса анда АШАны ХХХХХХХХХХ аздык кылат экен да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-22 16:08:14
22.05.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
al-abu-kinesz, провокация жараткан билдирүү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
22.05.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Елисеевдин лицензиясын узартуу кылмыш экенин акмак деле тушунуп турат. Андан сырткары Салянова Кумтордо элдин кызыкчылыгына каршы келишимге кол койгондордун бири болгон, Бакиев учурунда. Ал баш прокурор болуп турганда саясий куугунтук кучоп, Мырзакматов сыяктууларга сфабрикованный кылмыш иштери ачылган. Эгер мен президент болгонумда, тез арада Салянова боюнча бут иштерди котортуп, кылган кылмышына жараша жазасын алмак... Эми бийлик алмашып, саясий куугунтук дегени туура эмес.
22.05.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баса, Ош окуясы боюнча миндеген кылмыш иши ачылып, анын аягына жеткендери саналуу эле болду. Текебаев Бабановду бир миллион долларлык тулпарды пара катары алды деп айыптап чыкканда да, Баш прокуратура оозуна талкан салып отурган.

Садыр Жапаров Кумтордун (Центерранын) каталарын, кылмыштарын козго сайып корсоткондо да, Салянова баш прокурор боло туруп, карайбыз, текшеребиз деп кутулган, калп айтып... Эми бул катынды сот актаса, анда соттордун адилеттиктен тайганы ошол.
22.05.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Салянова убагында баарын мыйзамдын негизинде камаган, Жапаров убагында Каптагаевти барымтага алганын эл оз көзү менен көргөн, Елисеевдин лицензиясын мыйзамдын негизинде узартып берген, аны Адилет министиринин ар бир специалисти тастыктап берген ошого карабай сот туура эмес чечим чыгарган, Салянованы акташ керек ошондо туура чечим чыгарган болот биздин адилеттүү соттор. Андан көрө аэропортту изилдеп Ашаны жоопко тартыш керек.
22.05.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bayhan, Жапаров Каптагаевди барымтага алганын сен кайдан коруп койдун, ошол убакта Садыр Жапаров Бишкекте жургон болсо?!!

Елисеевдин лицензиясын кантип узартып отурат, ага каршы кылмыш иши козголуп турганда?!! Сенде логика деген барбы?!! Салянованын кылмыштарын чекеден санап берем керек болсо!!!
22.05.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул аялда убагында бийликтин машасы болуп жүрбөдү беле? Бийликтин буйругун аткарып көп эле чиновниктерди адилетсиз камап салган болчу. Адилетсиз камалуунун даамын татып көрсүнчү эми өзүда).
22.05.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы тороп алсын эч проблема болбойт 2ни торосо 36 жылга узарат дагы
22.05.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Салянова деле апакай эмес,саясий буйрукту эч озгоруусуз аткарган.Иштен кеткенден кийин ар нерсени бакылдап отурат.Прокурор болуп турганда копчулук саясатчыларды буйрук менен камаган!
22.05.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне Салянованыкы акпы экен.Кечегинде алтын кен орттонгондо бир жарым жашар кызы бар аялды кызынын жаш экенине карабай камады го.Мен камалсын или камалбасын дебейм просто мыйзам бирдей болуш керек да баардыгына
Mamiev түзөттү 2018-05-22 19:50:11
22.05.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салянова убагында коп адамды мыйзамсыз камаган. Мындай адамдарга жаза мындан дагы кучтуу болуш керек баарына сабак болгудай кылып
22.05.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2029га чейин ким бар жок
22.05.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2029га чейин ким бар ким жок
22.05.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасыйт деген соз эн туура айтылган да. Эксажо тулкулонбой беш жыл кийин эмес, убагында баштаганда мынчалык Чубактын кунундай чубалбай оз убагында бутмок. Пайдаланаарын пайдаланып, анан Салянова аркы жээкке откондо казып чыкканы саясий боек суртулгону. Бекеринен АШАнын иши каша дешпейт да серепчилер да.
22.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Убагында Салянова озу да канчасын сыздатты го,,,бумеранг дейт муну...
23.05.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анааа жашоо озу бумеранг
23.05.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Салянова дагы убагында көбүн какшаткан,жашоо бумеранг деп коёт
23.05.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салянова ген прокурор болуп турганда туура эмес иш кылса анда ал Атамбаевдын касягы анткени бизде пракурор сот ГКНБ баары президенттин приказын аткарышат секратарындай иштешет кумтор жонундо ишин укпапмын кумтор жонундо айтсак ачылып иштегенден бери Кыргыздын пайдасы учун чечим чыгарган окмот президент сотпу парламентпи андайды корбодум
23.05.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_bloger, Салянованын кылмышы толтура, ал Аташкасынын колунда камчы болуп жатканда эртенин ойлонушу керек эле. Ошол учурда эле Жибек Жолу тараптан кайсы бир жерге ээлик кылган чуусу 2014-жылы айтылып журуп калып кетти... Бишкекте бир кыз муунтуп олтурулуп ал тууралуу канча макала жазылды. Ошол кылмышка шектуулорлун бири Салянованын аталаш агасы экен, Салянованын арты менен кылмыш иши козголбой журуптур. Эми болсо олкодон качып кетти ошол абасы.
SUPER.KG видео
23.05.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо дарак кыймылдабайт куноосу болбосо жоопко тартылбайт жооп берсин ак ийилет бирок сынбайт
23.05.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашаш кыйын болуп калды...
23.05.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура чечим чыгарыптыр.Бул жашоо бумеранг дейт.Озу да бироолорду камаган эптеп куноо таап.Керек болсо баардык дунуйо мулкун алып койуш керек мам-ке.
24.05.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2029 жылга чейин жашайлычы...))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: