super.kg logo

Астротөлгө: 23-май күнү төрөлгөндөрдүн харизмасы күчтүү болобу?

 

23-май күнү өзгөчө адамдар төрөлөт. Тактап айтканда, ойчул, эркиндикти сүйгөн, алысты көрө билген, харизмасы күчтүү инсан болушат. Майда нерселерди тез байкайт. Башкалардан алдын ала туюу, кайсы бир иштин келечегин көрө билүү жөндөмү менен айырмаланып турат. Алардын өзгөчө таланты эмнени сезип-туйса ошол нерсени башкаларга жеткире алгандыгында.

Ушул күнү жарыкка келгендер сулуу болушат. Андыктан алардын сулуулугун байкабай коюу, суктанбай коюу күнөө болуп калат.

Бул күнү төрөлгөндөр спорттун бир нече түрү менен алектенгенди, бийлегенди жактырат. Эч качан атактуулукка умтулбайт. Билимдүү, акылдуу келип, илимий чөйрөсүндөгү кызматтарга басым жасайт. Баса, ушул күнү жарыкка келген эгиздер кол өнөрчүлүк жаатында да талантын даңазалай алат. Мырзалардан кыйын уста, айымдардан чеберлер чыгат.

23 санынын алдында төрөлгөндөр убактысын кичинекей балдар менен өткөрүүгө даяр. Алардан мыкты ата-эне чыгат. Турмушунда кандай кыйынчылыктар орун алса дагы баарын жылмаюу менен жеңет. Жалгыздык - алардын душманы. Анткени бул күнү жарыкка келген эгиздер баарлашууга жаралган. Ал эми башкалардын суранычын такыр четке кага албайт. Бирок бул нерседен баш тартып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын биринчи орунга койгону туура болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: