super.kg logo

Кыргыз кызы тууралуу тартылган тасмада казак актрисасынын башкы ролду аткаруусу талкуу жаратты

 
Режиссёр Сергей Дворцевой жана казак актрисасы Самал Еслямова
Чолпонайым Бөрүбаева

Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан "Айка" тасмасы социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар "Эмне үчүн Кыргыз кыздарын жаман жагынан көрсөткөн темада тартылган?", "Эмнеге Кыргыз кызынын ролун казак кызы жараткан? Казак болуп эле роль жарата бербейби?! Же эмне жалгыз эле Кыргыз кызы жолунан адашат бекен?" деген пикирлерин калтырган.

Талкуу жараткан тасмага Кыргыздар деле тартылган. Алардын бири "Кыргызкастинг" агенттигинин башчысы Чолпонайым Бөрүбаева. Ал тасма тууралуу SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Бул тасма 6-7 жыл аралыгында тартылган. Анда мен жана менин командамдын салымы эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм. Анткени биз кино жаратуучулар менен 2 жарым ай гана иштешкенбиз. Фильм кинофестивалга катышкандан кийин коомдо терс пикирлер пайда болду. Тасма тартылып баштаганда Кыргыз кызынын образын казак актрисасы жаратат дегенди укканда эле айрымдар нааразы болуп чыгышкан. Алар башкы ролдон Кыргыздын Асемасын көргүсү келсе керек. Мен Асеманын талантын баалайм, чыгармачылыгын сыйлайм. Бирок режиссёр башкы каармандын образын ким жарата аларын жакшы билет да. Сергей Дворцевой буга чейин Самал Еслямованы "Тюльпан" фильмине да тарткан. Режиссёр иштешип жүргөн актёр, актрисаларды жакшы билет жана аларга ишенет. Мен муну башкаларга түшүндүүрүгө аракет кылдым", - дейт ал.

Ал эми Кыргыз кызынын атын булгап жатат деген сөздөр бул жөн гана тасманын бир эле үзүмү экенин айтат Чолпонайым Бөрүбаева.

"Фильмдин өзөгү - каармандын башынан өткөргөн окуясы кыймыл-аракет аркылуу берилгендигинде. Тасма ар бир көрүүчүнү таасирленте алат. Андыктан тасма үчүн кубанууга негиз бар. Эгерде режиссёрдун козгогон, коомго алып чыккан темасы жакпай жатса, сындагандар кыздарга жакшы шарт түзүп берсин. Өз мекенинде иштеп, бутуна тууруга жардам берсин. Мындай иштер менен камсыз кыла албаса, башкалардын эмгегегин талдап, сөз кылуунун кереги жок", - дейт ал.

Белгилей кетсек, орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан тасмасы 71-ирет өткөрүлгөн Канн кинофестивалына катышып, "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, "Мыкты актриса" наамына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Намысыңа кел Кыргызымдын жигиттери болуптур да. Жигиттери намыстуу кыздары баш ийгенди билсе ушундай абалга кептелмек эмеспиз. Казактардын бир ролигин көрдүм эле. Үйүрүн коргогон айгыр тууралуу. Ошондо айтып жатат жылкы өзүнүн бээлерин өмүрүн тобокелге салып болсо да башка айгырдан коргойт. Бир гана чочколор кызганбайт экен аларда баарыныкы аралаш деп. Эми өзүңдү карап айт сен айгырбы же чочкобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: