super.kg logo
  Саясат  

Депутат Пархат Тулендыбаев: "Исаков менен Кулматовдун ишинде эч кандай саясат жок"

 

ЖЭБдеги окуя боюнча суракка чакырылган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов өздөрүнө карата болуп жаткан иште “саясий түс” бар экенин айтышууда.

"Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев жооп берди.

Депутаттын айтымында, бул козголгон иште эч кандай саясат жок. "Бул жакта саясий эч нерсе жок, ким күнөөлүү, күнөөсүз экенин тийиштүү орган далилдейт. Соттор калыс карап чечим чыгарат деп ойлойм, сот кандай чечсе ошондой болот. Бишкек ЖЭБде кандай окуя болгонун баары билет, ошондуктан тиешелүү органдар баа берип, калыс чечим чыгарыш керек. Дагы бир жолу айтайын, бул жакта эч кандай саясат жок", - деди Тулендыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: