super.kg logo

Алтынай Өмүрбекова: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда алыскы аймактардан келгендердин боз үй тигүүсүнө тыюу салынды"

 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда алыскы аймактардан келгендердин боз үй тигүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылы “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө” кабыл алынган токтомунун аткарылышы талкууланып жаткан.

Депутат Искендер Гаипкулов Өмүрбековага кайрылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу учурунда алыскы облустардагы жергиликтүү бийлик зыянга учурап жатканын айтты.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн боз үй тигүү жергиликтүү бийликтегилерге жүктөлүп калып жатат. Мисалы, бир боз үй тигүү үчүн 200 миң сом акча сарпташат экен. Ошол акчага бир боз үйдү Ош облусунан же Баткен облусунан алып келишет же бул жактан сатып алышат. Ушуну жөн эле койсо жакшы болот эле", - деп сунуштады эл өкүлү.

Вице-премьер-министр алыскы аймактардан келгендердин боз үй тигүүсүнө тыюу салынганын белгиледи. "Бул маселе боюнча биз талкуулап, тыюу салдык. Болгону мүмкүнчүлүктөрү болсо кол өнөрчүлүк жана башка фестивалдарга катыша алышат", - деди Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне сенин мейман канана акча төлөп жатыш керекпи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: