super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде ырчылар Лира Райымбекова, Замир Арыкбаев жана Аваз Акимов конокто болмокчу

 

23-май күнү саат 15:00дө SUPER.KG порталынын Түз эфиринде мектепти 30 жыл мурун аяктаган эстрада ырчысы Лира Райымбекова, 20 жылдыгын белгилеп жаткан ырчы Замир Арыкбаев жана мектеп уясынан учканына 10 жылдын жүзү болгон ырчылар Аваз Акимов менен Нурлан Насип конокто болот.

Лира Райымбекова "Үч-Теректин үч кызы" деген топ аркылуу таанылган. Ал 1971-жылы 10-январда Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда эмгектене баштаган. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", "Жан сырым" деген ырларды аткарып, эл оозуна алынган.

Фольклор жана эстрада ырчысы Замир Арыкбаев 1981-жылы 17-январда Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу.

Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү эмгектенип келе жаткан Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.
Аваз Акимов 1990-жылы 1-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө төрт бир тууган. Ал Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Алгач "Айганыш" деген ыры менен элге таанылган. Көптөгөн ырлардын автору.
"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-2014-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебинен билим алган. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.

Ырчыларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Сиздин суроолоруңузга SUPER.KG порталынынТүз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





23-майда Нурлан Насип, Аваз Акимов, Замир Арыкбаев Түз эфирде конокто болушат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
22.05.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин суроом Нурланга "Кымыз казактардыкыбы же кыргыздардыкыбы?"(логический)
22.05.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Meni_unut, бээники :)
22.05.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу админ,Лира эжени эстрада ырчысы деп туруп, анан кайра Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда эмгектене баштаган- деп жазып атасынар, кичине мазмунуна жана стилистикага конул буруп койгулачы. Бул киши ОЗУ фольклор ырчысы да болуп атпайбы!!!
23.05.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rolly, бул Үч-Теректин үч кызы комуздун, оркестрдин, эстрада топторунун коштоосунда ырдашат. Лира эженин аткарып жүргөн чыгармаларынын көбү эстрадага жакын. Фольклор жаатында да мыкты обондорду аткарып келет. Анын чыгармачылыгын бир жактуу кароого ал жаңы чыккан артист эмес.
22.05.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз качан үйлөнөсүң.
23.05.2018. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Европа + радиосунда кээде кыргызча ырлар жанырып калганда, Оо кыргызча ыр коюлуп жатат деп башкача маани берип калгандарга кубо болом. Айтайын дегеним качан ушундай ырларга аракет кыласыздар? (аранжировка, дуйнолук денгээлдеги, сапаттуу) Планда барбы?
23.05.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нурлан Насип айылына концерт койгону кетип жататго кайдан туз эфирге келмек эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: