super.kg logo
  Саясат  

2012-жылы Кыргызстанга алынып келинген 189 аталыштагы дары-дармектердин сапаты текшерилген эмес

 
2012-жылы Кыргызстанга алынып келинген 189 аталыштагы дары-дармектердин сапаты текшерилген эмес. Бул тууралуу Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жумушчу тобунун отчётунда жазылган. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке көптөгөн кардарлар дары сапатсыз болуп жаткандыгын айтышып, арызданышкан. Ошондон соң республикага алынып келинип жаткан дарылардын каттоодон өтүү жол-жобосун текшерүүчү топ түзүлгөн. "Дары менен камсыз кылуу департаменти 189 аталыштагы дары-дармектерди каттоосуз Кыргызстанга алып келүүгө уруксат беришкен. Бул дарылар атайын тизмеге кирген эмес, бирок аптекаларда сатылып жаткандыгы белгилүү болду.  Ал эми кээ бир дарыларды өндүргөн фирма эмес, ортомчулар алып келип жүрүшкөн. Дарыларды каттоого алууда 500-1000 доллар төлөнөт. Ал эми бюджетке дары-дармектерди каттоого алууда 4,5 миллион сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калган. Бул каражаттар кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз. Дары менен байланышкан маселе өтө кооптуу, бирок укук коргоо органдары тарабынан эч кандай колдоо болбой жатат”,- деп жазылган билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: