super.kg logo

"Чиновник санавиацияны Кочкорго себепсиз чакыртты" деген маалымат боюнча Эсептөө палатасы кызматтык иликтөө жүргүзөт

 

"Чиновник Санавиацияны Кочкорго себепсиз чакыртты", - деген маалымат боюнча Эсептөө палатасы кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу 22-майда Эсептөө палатасынын маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымат катчынын билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармактарга жана ЖМКга "Эсептөө палатасындагы чиновник тууганы реаниматологдорго муктаж болбосо да санавиацияны чакыртып, убарага салды", - деген маалымат тарагандан кийин дароо кызматтык иликтөөнү баштаган.

"Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, айтылып жаткан кептердин чоо-жайы иликтенүүдө. Эгерде иликтөөнүн жыйынтыгында чын эле Эсептөө палатасынын кызматкери тарабынан кызматынан пайдалануу, эрежелерди бузуу болгон болсо катуу чара көрүлөт", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Буга чейин социалдык тармактын Нурзат Жумалиева аттуу колдонуучусу 8 сааттык убактысын Эсептөө палатасындагы чиновниктин тууганы үчүн Кочкорго барып келүүгө коротконун, чынында бейтап реаниматологго муктаж болбогонун билдирип пост жазганы маалымдалган.

Анын бул постун дагы бир колдонуучу колдой турганын айтып чыккан. Ал дарыгерлерге карата чиновниктер тарабынан мындай мамиле көп эле жасаларын белгилеп, Эсептөө палатасында иштеп, санавиацияны чакыртты делген кызматкердин аты-жөнүн да жазган эле.

Бул боюнча маалымат катчы: "Мен чынында Эсептөө палатасында көп жылдан бери иштейм, көбүн тааныйм. Бирок инспекторлор көп, баарын жатка билбейсиң. Бизде ушундай кызматкер бар же жок деп айта албайм. Баары кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот", - деди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.05.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура баардык эле жерде тилекке каршы даарыгерлерге ушундай мамиле жасалат. Аты эле санавиация болбосо эски УАЗ автомашиналар менен барылат. Реанимация болумуно чейин чондугун салып кирген чондорубуз бар. Мыйзам баарына бирдей экенин айтсан озундун эле жетекчилерин креслосунан коркуп бужуруп алганын коргондо кыжырын келет. Ошол эле убакта жарды адамдын баласына кымбат даарыдан сурасан баш тартышканда айла жок бай ийкейсин. Иштегин келбей кетет ошондой убакта.
23.05.2018. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар карга карганын козун чукубайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: