super.kg logo

Алмаз Оңолбеков Бажы кызматынын кызматкерлери массалык жумуштан алынып жатканы боюнча маалыматты четке какты

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Сагынбек Келдибаев Бажы кызматынын кызматкерлери массалык жумуштан алынып жатканы боюнча маселе көтөрдү. Анын пикиринде, аталган кызматка жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун келиши менен бир катар кызматкерлер негизсиз жумуштан бошотулууда. Эл өкүлү жаңы жетекчиден анын себебин түшүндүрүүнү талап кылды.

"Сиз келгенден кийин эле катардагы кызматкерлерден тартып бөлүм башчыларга чейин массалык жумуштан бошотуулар болуп жатыптыр. 5-6 депутатка бул боюнча кат келди. Алар жумуштан негизсиз бошотулганын айтып жатышат. Себебин түшүндүрүп кетиңизчи", - деди Келдибаев.

Бирок Оңолбеков депутаттын айтканы менен макул эместигин белгилеп, маалыматты төгүнгө чыгарды. "Бажы кызматынын иши өз нугунда уланып жатат. Эч ким жумуштан бошотулган жок. Айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп жооп кылды ал.

Белгилей кетсек, 21-майда аталган кызматтын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кызматтан кеткенден кийин бажы кызматындагы жетекчилик курамдын жарымы кызматтан кеткенин айткан эле.

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан өзүнүн берген арызынын негизинде 14-майда кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: