Биринчи вице-премьер Тогуз-Тородо имараты өрттөлгөн "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда, Тогуз-Торо районунда имараты өрттөлгөн "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Аталган маалыматты өкмөттөн таратышты.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрт окуясын талкуулашты.
Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 миллион АКШ долларын түзөт.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, баш аламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса белгиледи.
Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо-кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу - биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер мыйзамдын гана алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм", - деди вице-премьер.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.


Дагы жакшы кытайлар 2,3 млрд доллар деп айтпаптыр, ошондо да Окмот толоп беребиз демек!!!
Биринчиден орттон келтирилген зыян болсо болсо 2,3 млн сомго жетет, 2,3млн доллар эмес. Окмот айтпайбы, кайдагы 2,3 млн доллар, бул кайсы жомрктон узунду деп!!!
Кереги жок андай инвесторлордун... Кана, ошончо алтын-кумуш казылып эллие жашоосу онолгону?!!
Соке иштеп жатат дегендер, ушулбу Сокегердин иштегени?!! Кытайларга бар жогол, чык эшикке деп айтууга Сокенердин духу жетпедиби?!!
Эмнеге бугун эл менен эсептешпеген бийлик жооп бербейт, эмнеге мыйзамсыз документ жасаган органдар жооп бербейт?!!
Окмот тушундурсун оз позициясын!!! Соке тушундурсун оз позициясын!!! Жарым жылда Сокенер кадр алмаштыргандан башка эмне иш жасады, айткылачы?!! Алмаштырган кадрлары же тузук болсочу
Булар болсо Окмот башы менен бужурошот баары эле, кытай корсо... Куноо кытайларда болсо да, ооз ачып ошону айта албай кайра хуп деп отурат Сокенин ишенген кадрлары...