super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кытайдын элчисине: "Парламентте ЖЭБ маселесин талкуулоо Кытайга каршы багытталган эмес"

 

22-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Пирматовдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга боло турган алгачкы иш сапары июнь айына пландалууда. "Бул сапар эки мамлекеттин мамилелерин көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрөт. Биздин парламент документтердин долбоорлорун тез арада кароого даяр. Парламентте Бишкек ЖЭБ маселесин талкуулоо Кытайга каршы багытталган эмес жана мамлекеттик иш сапардын жыйынтыгына жана эки тараптуу кызматташууга таасирин тийгизбеш керек", - деди Пирматов.

Сяо Цинхуа эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүү үчүн бардык сунуштарды угууга даяр экенин билдирди. "Кыргыз Республикасы - биздин досубуз жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз республикада туруктуулук, тынчтык жана өнүгүү болушун каалайбыз. Сооронбай Жээнбековдун Кытайга боло турган алгачкы иш сапарына чоң маани берип жатабыз жана бул сапар ийгиликтүү болот деп ишеним артып жатабыз", - деди Кытайдын элчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: