super.kg logo

Элчилерге дипломатиялык даража алуу үчүн эми премьер-министрдин макулдугу да керек болот

 

22-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында дипломатиялык кызмат боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралды.

Азыркы мыйзам боюнча, атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиге, атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилик өкүлүнө дипломатиялык даражалар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы менен президент тарабынан берилет. Ал эми мыйзам долбоору аркылуу элчи менен элчилик өкүлүнө дипломатиялык даражаларды ыйгаруу үчүн өкмөт башчы менен макулдашуу керек деп сунушталууда.

Баяндамачы депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мындай түзөтүү Конституциянын 88-беренесинде "өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жүзөгө ашырат" деп белгиленгендиктен келип чыккан. "Андыктан дипломатиялык даражаларды ыйгарууда Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатын ишке ашырууга кандай салым кошкондугу дагы эске алынышы керек", - деди Нурбаев.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: