super.kg logo

Камактагы жарандык активисттин атасы каза болду. Коштошуу зыйнатына бара алабы, ЖАМК жооп берди

 

Бийликти басып алууга шектелип камакка алынган Мелис Аспековдун атасы каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аспековдун санаалашы Адил Турдукулов билдирди.

"Мага бул жөнүндө түндө кабарлашты, атасы ооруп каза болуптур. Буга чейин Садыр Жапаровдун атасынын зыйнатына катышууга уруксат бербей коюп, элдин наалатына калышкан. Негизи жакын адамы өткөндө катышууга уруксат берилип келген, Мелис Аспековго дагы топурак салууга уруксат берилиши керек. Анан дагы Аламүдүн районунун Байтик айылы жакын эле да", - деди Турдукулов.

Жазаларды аткаруу кызматына кайрылганыбызда, "Мелис Аспековдун иши тергөөдө, анын статусу "соттолгон эмес", демек, коштошуу зыйнатына катышуу үчүн соттун уруксаты керек. Эгер жаран соттолуп кетип, анан ушундай кырдаал жаралса, ал мыйзамда жазылган конвойдун коштоосу менен барып келет. Ошондой эле кармалып турган адамдын мүнөздөмөсүнө, качып кетпейби, коркунучсузбу, ушуларына жараша болот" дешти.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоого бир апта калганда жарандык активист Мелис Аспеков "талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык уюштурууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.05.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Конвойдун коштоосунда апарып келсе болот эле хотя,аны турмодо сыздатпай.Аны жонотпой койгудай террорист же адам олтургуч эмес да бул.Бабановго ишенип кокурок чийип ар нерсени суйлоп алып,эми озу азабын тартып отурат,Бабанову буларды таштап кетчу жагына кетти,эмне болсонор ошо болгула деп.
23.05.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мындан өткөн азап барбы,бир аз болсо да гумандуу болуп атасынын акыркы сапарына жөнөтүп койгула.Жапаров качан чыгат экен эми,биз күтүүдөбүз.
23.05.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Салам админ элдик кабарга кантип жазам. Маанилуу соз бар эле.
23.05.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
samar55,+996557473939 ушул ватсапп жаза бергиле
23.05.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samar55,
Саламатсызбы! Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: