super.kg logo

Журналист: "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбү саясатчыларга таандык болуп жатса, көз карандысыздык кайдан болмок эле"

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбү саясатчыларга таандык. Бул журналистикадагы эң башкы көйгөй. Мындай пикирин бүгүн, 23-майда өткөн сөз эркиндиги боюнча тегерек столдо журналист Дина Маслова айтты.

"Массалык маалымат каражаттарынын басымдуусу саясатчыларга, бийликтегилерге таандык болуп жатса, журналисттердин кайсы тилектештиги, биримдиги жөнүндө сөз кыла алабыз? Учурда жалпы коомдун өзүндө көйгөйлөр бар, коомдун бир бөлүгү катары журналисттик чөйрөдө да ошол эле маселелер бар. Журналистика тармагы коомдон өзүнчө боло албайт, ошондуктан жалпы өлкөдөгү көйгөй журналистикага таасирин тийгизет.

ЖМКлар саясатчыларга тийиштүү болуп жатса, көз карандысыздык болбойт. Окууну жаңы бүткөн журналист журналистикага аралашат да, журналистика ушундай турбайбы деп түшүнүп алат. Чындыгында журналистика - башка нерсе", - деди Маслова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналисттер саясатчыларды кайраштырганды жакшы корушот. Эки мамлекетти согуштурган да журналистика, ар кайсы чагымчыл маалыматтарды тарата беришип. Азыр элдер журналисттердин таасири астында ой жугуртуп калышты окшойт. Журналисттер кандай жазышса, элдер ошондой ой жугурто беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: