super.kg logo

Улуттук госпиталь: "Кочкордон санавиация менен алынып келген бейтап Эсеп палатасындагы чиновниктин тууганыбы, жокпу билбейбиз. Анын абалы оор"

 

Кочкор райондук аймактык ооруканасынан Бишкектеги Улуттук госпиталга санавиация аркылуу алынып келген бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу госпиталдын Ыкчам жана пландык кеңеш берүү медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн (санавиация) башчысы Нарынбек Акматов SUPER.KG порталына бүгүн, 23-майда билдирди.

Анын айтымында, санавиацияга 21-майда саат 15:40 чамасында Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Жумадилов чалган. Ал ооруканадагы 16 жаштагы кыздын абалы 3 күндөн бери оор болуп, калтырап жатканын айткан. Бейтап орозо кармап, эсин жоготуп жыгылып, калтырак баса баштаганда Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

"Адегенде Кочкор районундагы дарыгерлерге биздеги невролог Алымкулов кеңеш берген. Анда бейтаптын абалы туруктуу делген. Ошондо Кочкордон Бишкекке унаа менен эле алып келүү сунушталган. Бирок райондогу дарыгерлер бейтаптын абалынын оордугунан чочулашты. Буга байланыштуу ошол эле күнү саат 17:30да невролог жана реаниматолог дарыгерлердин тобу санавиация менен Кочкорго барышты. Саат 20:30да невролог бейтапты текшерүүдөн өткөрүп түшүнүксүз этиологиядагы калтырак синдрому деген аныктама койгон. Кочкор райондук ооруканасынын неврологунун талабы менен Улуттук госпиталдын интенсивдик терапия бөлүмүнө жаткырылды. Учурда абалы оор, өз алдынча кыймылдай албайт", - деди Акматов.

Ошондой эле ал санавиацияны аталган бейтапка жөнөтүү жөнсүз болбогонун белгилеп, мындай кабарды тараткан кызматкер менен бүгүн жолугушуп, окуянын чоо-жайын сүйлөшө турганын кошумчалады.

"Менде бул бейтап Эсептөө палатасынын өкүлүнүн тууганы же дагы башка чиновниктин тууганы деген маалыматтар жок. Ошондой болсо да, болбосо да бул учурда ушундай кадам жасалмак. Өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, 16 жаштагы жаш кыз, 3 күндөн бери эсин жоготуп калтырап жатса аракет көрүлүшү керек да. Ал эми реаниматолог Нурзат Жумалиева менен Эсептөө палатасынын кызматкери санавиацияны жөнсүз чакыртты деген маалыматты тараткандыгы боюнча бүгүн сүйлөшөм", - деп кошумчалады Акматов.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын Нурзат Жумалиева аттуу колдонуучусу Эсептөө палатасындагы аткаминер аял тууганы үчүн санавиацияны жөнсүз чакырткандыгы боюнча маалымат таратып, анын бул билдирүүсү интернетте кызуу талкуу жараткан. Андан соң Эсептөө палатасы бул билдирүү боюнча мекемеде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.05.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызды кысат экенсинерда
23.05.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобаа мындай врач аялга окшогон, нысапсыз докторлор Кыргыз элинде азыраак болсо экен.
23.05.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asil-08, Врач реаниматолог жок жерден жини келип жазбагандыр . Ал эми Акматовго санавияцанын башчысына , биринчи очеред Нац,Госпиталдын дироктору буйрутма берсе керек , состояниеси оор деп кой деп . Ал эми директорго Жогор жактан , оруну жоготкун келбесе бир жансыл кыл деп . Озуно ишенген ак врач , туура суйлоп чыкса да эми ал врачты каралап иштен айдайт. Молодец ушундай врачтар кобое берсин , эч нерседен коркпой туура суйлогон .
23.05.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ma2as,ээ тууганым созсуз приказ берди да абалы оор де деп эсептоо палатасы,если чо мага кунунор тушот деп
23.05.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай кара пиярды жакшы коргон врачты жоопко тартыш керек.
23.05.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин баарына ушундай чара корулсо кана.Бир кыйындын жакыны учун жасалды да.Жонокой карапайым калк арасында учурунда жардам корсотулбой,аягында олумго дуушар болгондор миндеп саналат.Авиация бул жакта турсун,мындан эки жыл мурун келинчегим катуу ооруп калып тунжарымында райондук тез жардам болумуно алып барсам литический укол сатып кел деп дарыканага жиберген.Дарыканалардын баары жабык экен десем, анда эч нерсе кыла албайбыз деп сыртка чыгарып койгон.Мындай мамилелер карапайым калкка дайыма жас
BarsBaatyr түзөттү 2018-05-23 19:56:41
24.05.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат эже бекер кылдыныз,эми ак экенинизди далилдеш кыйын болот,абалы оор болчу деп далилдеп берип коюшат,биз билебиз кандай болгонун..
24.05.2018. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олойун деген адамга тез жардам чакырсан келбейт го? Санавиация мындай турсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: