Журналист: "Жаш журналисттердин билим деңгээли төмөн, көбү бул тармакты шампан ичүү, фуршеттерде жүрүү деп түшүнөт"
Журналистикадагы башкы көйгөйлөрдүн бири - билим берүү тармагы. Мындай пикир бүгүн 23-майда өткөн сөз эркиндиги боюнча тегерек столдун катышуучулары тарабынан айтылды.
Эл аралык “Өнүгүү Медиа Борбору” коомдук фондунун директору Нургүл Абдыкеримованын айтымында, билим берүү тармагында билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти.
"Айрым техникалык багыттагы окуу жайларда да журналистика факультети ачылган, ал жакта журналисттер эмес, бул тармактан алыс адамдар сабак берүүдө", - деди Абдыкеримова.
Ал эми журналист Ольга Зюбенко: "Азыркы жаш журналисттер бул тармакты такыр башкача элестетет. Алар редакциядагы жумуштун оордугун элестетпей келишет, анан жумуш оор экен деп даттанышат. Алар журналистиканы фуршеттерде жүрүү, шампан ичүү деп ойлоп келгендер", - деди.


дагы бир кемчилик кооно создорду колдоно билишпейт,соз байлыгы аз журналисттер жана алып баруучулардын,акценти,диалектиси жок таза суйлосом эле кыйын экенмин деп ойлошот,куюлуштуруп суйлой алышпайт.