super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова президент эл менен бир учакта жүрүү салтын улантарына ишенем дейт

 

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Өлкө башчынын бул кадамы коомчулуктун колдоосуна арзыган. Өлкөбүздө жаңы келген жетекчилер тарабынан башында жакшы саамалыктар болгону менен кыска убакытта унутулуп же ар кандай шылтоолор менен токтоп калган учурлар бар.

"6 жыл бою Сооронбай Жээнбеков элге жакын болоруна ишенесизби же бул утурумдук эле пиарбы?" деген SUPER.KG порталынын соболуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди.

Абдрахматова өлкө башчылар элге жакын болсо чыныгы турмуштун деңгээлин көрө алат дейт. “Чыныгы лидерлер, позициясына бекемдер, өлкөгө жакшы нерселерди алып келе тургандар элден бөлүнбөйт. Дүйнөдөгү президенттердин, спикерлердин, премьер-министрлердин жан сакчылары болушу керек. Президентибиз кимден жашырынышы керек? Биздин элде эч кандай коркунуч жок. Жолду бекитпей, эл менен чогуу учуп эле жүргөнү жакшы.

Мисалы, Малайзияда жаңы шайланган премьер эл менен эле чогуу жүрүп, университетте лекция окуп, базар аралап жүргөн. Эч кандай зыян тарткан эмес. Мамлекет жетекчилери элге жакын болсо, чыныгы турмуштун абалын, базардагы бааларды, жолдорду өз көзү менен көрөт. Бизде дагы экс-президент Роза Отунбаева эл менен бирге ички жана сырткы сапарларына учуп жүргөн. Эч ким ага кол көтөрүп, зыян келтирген эмес. Албетте, президентибиздин бул салтты улантышына тилектешмин. Канчалык чоң бийлик колуңа тийсе, ошончо чоң жоопкерчиликке да ээ болосуң. Өлкө башчыбыздын жеке ишине кийлигише албаймын. Бирок эл менен бирге учат деп үмүт артып турам”, - деди Абдрахматова.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев, жарандык активист Айбек Мырза, журналист Дайырбек Орунбековдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: