1-октябрдан баштап сот тармагында айлык көтөрүлөт. Облустук соттун судьялары 40 000, райондук соттун судьялары 38 000 сом маяна алып баштайт
1-июлдан баштап Жогорку Соттун төрагасынын маянасы көтөрүлө турганы бүгүн, 24-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, бул багытка 49 миллион сом каражат бөлүү каралууда. “1-октябрдан тартып Сот департаментинин, соттук аппараттардын жана жергиликтүү судьялардын айлык акысы 80-100 пайызга көтөрүлөт. Райондук судьялардын маянасы 38 000, ал эми облустук судьялардыкы 40 000 сом болот”,- деди Каржы министри.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

