super.kg logo

Улуттук онкология борборунун жаңы имаратынын курулушу каржы маселесинен улам убактылуу токтотулду

 

Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушунун токтотулушуна каражат маселеси себеп болгон. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда объектини куруу үчүн 601 миллион 300 миң сом керектелет. 2017-жылы курулушка 70 миллион сом, 2018-жылдын мартына чейин 30 миллион сом жумшалган.

Бүгүнкү күндө баштапкыдан төртүнчү кабатты жабууга чейинки курулуш иштери аяктады, каржылоо маселеси жөнгө салынган соң курулуш иштери милдеттүү түрдө улантылат”, - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган мекемени куруу үчүн тапшырманы алган Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине байланышканыбызда, алар бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Буга чейин мурунку премьер-министр Сапар Исаков Улуттук онкологиянын жаңы имаратынын курулушу токтотулганын жарыялаган.

Айта кетсек, өкмөт Улуттук онкологияга заманбап жана ыңгайлуу шарттары бар 7 кабаттуу имаратты куруу тууралуу чечим кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.05.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 кабат жакшы гоо
24.05.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул долбоорго миллиондогон долларды центерра жана башкалар акчаларды которушат деп журду эле го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: