super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Айбек Мырза: "Жээнбековдун чынында эле эл менен учакта бирге учуу ниети бар"

 

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Өлкө башчынын бул кадамы коомчулуктун колдоосуна арзыган. Өлкөбүздө жаңы келген жетекчилер тарабынан башында жакшы саамалыктар болгону менен кыска убакытта унутулуп же ар кандай шылтоолор менен токтоп калган учурлар бар.

"6 жыл бою Сооронбай Жээнбеков элге жакын болоруна ишенесизби же бул утурумдук эле пиарбы?" деген SUPER.KG порталынын соболуна жарандык активист Айбек Мырзанын жооп берди.

Айбек Мырзанын пикири боюнча, Жээнбековдун эл менен бир каттамда учканы пиар кадам эмес. "Жеке пикиримди айтсам, мен өлкө башчысы эл менен бирге 6 жыл учат деп ишенем. Ички каттамдарда жеке учак менен учууга биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок, каржылык абалыбыз аны көтөрө албайт. Өзү дагы карапайым президент деп эсептейм, эл менен чогуу эле учат деп ойлойм. Буга чейин деле учкан, ошону 6 жыл сактайт.

Эл менен учканын пиар деп эсептебейм, баштагандан кийин аягына чыгарат болуш керек. Эл менен чогуу учушу, өлкөнүн абалына карап иш кылганы, экинчиден элге жакын болуу максатында болушу керек. Президент тез-тез эле ички каттамда уча бербейт да. Президенттин чынында эле эл менен чогуу учуу ниети бар", - деди жарандык активист.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев, БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова, журналист Дайырбек Орунбековдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: