super.kg logo
  Саясат  

Журналист Дайырбек Орунбеков: "Өзүнчө учак жалдаган президенттер - элинен корккондор"

 

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Өлкө башчынын бул кадамы коомчулуктун колдоосуна арзыган. Өлкөбүздө жаңы келген жетекчилер тарабынан башында жакшы саамалыктар болгону менен кыска убакытта унутулуп же ар кандай шылтоолор менен токтоп калган учурлар бар.

"6 жыл бою Сооронбай Жээнбеков элге жакын болоруна ишенесизби же бул утурумдук эле пиарбы?" деген SUPER.KG порталынын соболуна журналист Дайырбек Орунбековдун төмөнкүдөй жооп узатты.

Орунбековдун айтымында, Жээнбековдун эл менен бирге учканы - жөнөкөйлүктүн белгиси. "Белгилүү болгондой, президент жеке иши менен Ошко барганда мамлекеттин эмес, өзүнүн каражатына барып келген. Бул жакшы көрүнүш, үлгү боло турган нерсе. Элге жакын, элинен чочулабаган өлкө башчысы дайыма элге жакын жүрөт. Ал эми өзүнчө учак жалдагандар - өз элинен корккондор.

Дүйнөлүк практикада деле өлкө жетекчилери эл менен учкан учурлар көп. Бизде эми алгачкылардан болуп жатат. Президент жеке эле аймактарга болгон сапарында да эл менен учат деп ишенем. Бул көрсөтмө катары эмес, чынында эле жөнөкөйлүктүн белгиси. Өткөндө деле учканда өзү эмес, кошо учкан адамдар айтып, тасмага тартып тарап кетти. Ошондуктан мен бул ишти пиар деп эсептебейм", - деди Орунбеков.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев, БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова, жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: