super.kg logo

Кара-Балта шаарындагы мунай өндүрүүчү "Жунда" заводунан өрт чыкты

 

Бүгүн, 23-майда Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан "Чайна Петроль Компани Жунда" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Жунда" заводунун башкы директорунун орун басары Тынчтык Жапаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, завод мунай иштеткендиктен аз эле өрт чыкса да ал жактан чоң көлөмдөгү кара түтүн чыгарын айтат.

"Өрт кырсыгы заводдо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан. Бирок өзүбүздүн 90 кишилик өрт өчүрүүчү бөлүмүбүз бар. Мындан улам тилсиз жоо 5-6 мүнөттүн ичинде эле өчүрүлдү. Жалпы заводдо беш чарчы метр жер күйүп, эч ким жабыркаган жок", - дейт Жапаров.

Айта кетсек, "Чайна Петроль Компани Жунда" мунай өндүрүүчү заводу Кара-Балта шаарына жакын жерге 2013-жылы курулуп бүткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: