super.kg logo

Чүйдө бейбаштыкка шектелип 5 адам кармалды. Шектүүлөр өз ара пикир келишпестикти чечүүгө барып, кошунасынан балка менен таяк жешти

 

Чүйдө бейбаштыкка шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-майга караган түнү саат 00:30дар чамасында Восток айылында катталган.

Жабырлануучу А.А. Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Арызда аталган түнү үйүнүн дарбазасы такылдаган. Эшикти үй ээси ачканда азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштар чамасындагы 5-6 жигитти көргөн. Алар беткап кийип, колдорунда бычак жана дубинка болгон. Буларды көргөн А.А. эшикти жабууга аракет кылып, бирок жетишпей калган. Ал үйгө келгендер менен кармашып отуруп, бошонуп чыгып, алабай тукумундагы итин алар тарапка коё берген. Ал эми кол салган жигиттер белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган айылдын дагы бир тургуну 34 жаштагы Г.Р. милиция кызматкерлерине кайрылган. Анын айтымында, 19-май күнү болжол менен 00:45 чамасында короосуна бет капчан белгисиз адамдар кирген. Муну көргөн үй ээси өзү менен кошо көтөрө чыккан балкасы менен балдардын бирин башына чапкан. Мындан улам бет капчан адамдар качып кетүүгө үлгүрүп, үй ээси алардын артынан кууп жетпей калган. Г.Р. үйгө кайтып келгенге чейин башына балка тийип жыгылган адам да качып кеткени белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 168-беренеси (каракчылык) боюнча иш козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүлөр кармалган.

Кылмышка шектүүлөр:

22 жаштагы А.У. жана 21 жаштагы У.Э. - Ысык-Көл облусунун тургундары;

17 жаштагы М.Б. - Бишкек шаарынын тургуну;

24 жаштагы А.С. - Баткен облусунун тургуну;

М.А. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну.

Кармалган шектүүлөр боюнча алгачкы териштирүү иштери аяктап, алардын үчөө үй камагына чыгарылып, бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө 17 жаштагы М.Б. менен 21 жаштагы А.У. Аламүдүн районундагы бир канча уруулук иштерине шектелүү экени белгилүү болду.

Бул окуя боюнча алгачкы териштирүү иштеринде белгилүү болгондой, арыз ээси А.А.нын үйүнө шектүүлөр өз ара пикир келишпестикти чечүүгө барышкан. Бирок ал каршылык көрсөтүп итин коё бергенден улам алар иттен сактануу үчүн кошунасы Г.Р.нын үйүнө качып киришкени белгилүү болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.05.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 областан топтолгон бандиттер.
25.05.2018. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каракчылар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: