super.kg logo
  Саясат  

Президент тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына сунушталгандар буга чейин кандай чечимдерди чыгарган?

 
Жунушпаев Кыдык
Бакирова Нургүл
Орозова Дамира
Алымкулов Айдарбек
Воронцова Ирина

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 23-майда Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан сунушталган 5 талапкерге жашыруун түрдө добуш беришти. Жыйынтыгында 2 талапкер жактырылып, 3 талапкер колдоо тапкан жок.

Ошентип Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова Жогорку Кеңеште ант берди.

Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан сунушталган соттордун буга чейинки коомчулуктун көңүлүн бурган иштерин тизмектеп көрдүк. Аталган судьялар тууралуу ЖМКларга чыккан негизги маалыматтарды сунуштайбыз.

Жогорку Кеңештин колдоосун тапкандар:

Жунушпаев Кыдык Карыбаевич – Чүй облустук сотунун төрагасы.

Кыдык Жунушпаев 2017-жылдын 24-январында Чүй облустук сотунун судьясы катары “Улуттар аралык кастыкты козутту, баш аламандык уюштурду жана адам өлтүрүүгө катышты” деп айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча Жалал-Абад облустук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Бакирова Нургүл Жакыповна – 2013-жылы Ош шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгынан кеткен.

Буга чейин коомчулуктун көңүлүн бурган иштерге аралашкан эмес. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Нургүл Бакирова “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен талапкер болуп катталган.

Жогорку Кеңештен жетиштүү добуш ала албагандар:

Алымкулов Айдарбек Бекишович – Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы.

2016-жыл. Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Айдарбек Алымкулов "Кумтөр голд компани" ишканасын экологиялык эрежелерди сактабагандыгы үчүн 6 миллиард 700 миллион сомго доого жыккан чечим чыгарган.

2017-жыл. Бишкектеги НТС каналынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча райондор аралык соттун чечимин судья Айдарбек Алымкулов чыгарган.

Воронцова Ирина Николаевна – Бишкек шаардык сотунун төрайымы.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев буюртма менен киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, 2005-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок ал сот залынан акталып, коё берилген. Мамбеталиевге мындай өкүм чыгарууга катышкан судьялардын катарында Ирина Воронцованын да аты аталып келет.

2013-жыл. Воронцова Бишкек шаардык сотунун төрайымы болуп турганда “бюджетке зыян келтирди” деп айыпталган Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевди 11-жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

2016-жыл. Воронцова төрайымдык кылган шаардык сотто парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салынган. Ага чейин 2015-жылы шаардын Биринчи Май райондук соту “кызмат абалынан пайдаланган” деп айыптап, 3 миллион сом айып пул салган.

2018-жыл. Воронцова Бишкек шаардык сотунун төрайымы учурунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча Ленин райондук сотунун 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Орозова Дамира Токтоналиевна – Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы.

Резонанс жараткан соттук иштерде аты аталган эмес. Дамира Орозова буга чейин бир нече сот отурумдарына ооруганына байланыштуу келбей, ишти кароону жылдыргандыгы үчүн сынга кабылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: