super.kg logo

Жеңиш Разаков: "Кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тарткан адамдардын жоопкерчилиги каралат"

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 23-майда Баткен облусуна жумуш сапары менен барып, Лейлек районунун Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, вице-премьер-министр Чымган жана Бешбала айылдарындагы селдин кесепетинен жабыркаган турак үйлөр жана социалдык объектилерди көрүп чыгып. Ошондой эле суу каптаган көпүрө жана дамбалардын абалы менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, Лейлек районунда бир нече жолку сел жүрүүнүн натыйжасында 31 турак үй жана 34 чарбалык объектке зыян келген.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Разаков үйлөрү камсыздандырылган жабырлануучуларга белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилерин белгиледи.

"Өз үйлөрүн камсыздандырбаган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселеси өз алдынча каралат. Муну менен бирге буга чейин кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тартып, өз үйлөрүндө жашоону улантуу менен өздөрүнүн жана туугандарынын өмүрүнө коркунуч алып келген жашоочулардын жоопкерчилиги каралмакчы", – деди ал.

Ал эми көпүрө менен дамбаларды калыбына келтирүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде караларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: