super.kg logo

"Forbes" журналы "Apple" компаниясын дүйнөнүн эң кымбат бренди деп аныктады

 

"Forbes" журналы дүйнөлүк рыноктогу кымбат брендди аныктады. Тагыраагы, жыл ичинде эң көп киреше тапкан "Apple" бренди 8-жолу кымбат деп табылды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган компания бир жыл ичинде жалпы 182 миллиард доллардан ашык каражат тапканын эксперттер эсептеп чыккан. Ага ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу компаниянын товарларына болгон баа 8 пайызга жогорулаган. Ал эми "Google" интернет корпорациясы 132 миллиард доллардан ашык киреше таап, экинчи саптан орун алган. Үчүнчү орунда 104 миллирд доллардан ашуун киреше тапкан "Microsoft" компаниясы жайгашкан.

Ошондой эле кымбат делинген компаниялардын катарына "Facebook", "Amazon", "Coca-Cola" жана "Samsung" кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: