super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Ош унаа жолу тазаланбай, жүргүнчүлөр унааларын түртүп жүрүшөт"

 

23-майдан 24-майга караган түнү өлкөнүн тоолуу аймактарына кар түшүп, жол каттамдары кыйындаган. Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар тазаланбай, тыгын пайда болду. Мындай маалыматты бүгүн, 24-майда окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө маалымдаган.

"Биз Бишкектен Токтогулду көздөй сапар алганбыз. Жол жүрүү аябай кыйын болду. Себеби ашуудагы кар тазаланган эмес. Жолго кум сепкен бир дагы тиешелүү мекеменин кызматкерлери жок. Жүргүнчүлөр өздөрү жол жээгинен топурак казып жолго сээп, унааларын түртүп жүрүшөт. Жол кырсыктары орун алып, тыгындар пайда болду", - дейт окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.05.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир суротту 94 жолу чыгарыптыр го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: