super.kg logo

Депутат Акаев Бишкектин 187 гектар жеринин 22 жаштагы студентке сатылып кетиши боюнча маселе көтөрдү

 

Депутат Жанар Акаев Бишкектин түштүк аймагындагы 187 гектар жеринин 22 жаштагы студентке сатылып кетиши боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, жер боюнча кылмыш иши козголгонуна карабай курулуш компаниялардын бири тарабынан курулуш иштери уланууда.

"Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы убагында берилбеген 187 гектар жер 22 жаштагы студентке кантип берилип кетти? Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев күндө ошол жерден өтөт. Коомчулук талкуулап жаткан маселеге эмне үчүн реакция жасабай жатат? Ал жерге административдик имараттар курулмак. Бул маселе боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок "колуңардан эмне келет" дегендей кылып, өз иштерин улантып жатышат. Укук коргоо органдары ачыктап чыгып, өкмөт башчы көңүл буруусу керек", - деди Акаев.

Эл өкүлү мындан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев боюнча маселени кайрадан көтөрдү.

"Өкмөттүн Ногойбаев боюнча жообу келди. Өкмөт Ногойбаевге адвокат болуп алыптыр. Абылгазиевди биз ошон үчүн шайладыкпы? Коррупциялык, мыйзамсыз иштерин айтып, укук коргоо органдары тастыктап берди го. Аны кызматтан албайсыңарбы, коррупция менен күрөшпөйсүңөрбү. Же буга да президент коңгуроо кагышы керекпи?" - деди Жанар Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
24.05.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эн туура колдойбуз сизди
24.05.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ээ туугандар мына тундук да туштук да колдой турган биздин келечектеги президент!
24.05.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Мүмкүн жаш студент иштетет.Жаштарга да мүмкүнчүлүк бергиле.
24.05.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Medinaa, атасынын чокусунабы бир коррупционердин баласыда
24.05.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ээ мусулмань бир туугандар көзүбүздү ачалычы ушул кетиш болсо бул чоңдор сатпаган жери калбайт өткөндө алай жайлоосун арендага бердик деп чыгышты эле аренда деп олтуруп сатып ийет бул жеп тойбостор. Азаматсыз Жанар мырза чындыкты айтыңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: