super.kg logo

Жанар Акаев Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынан кеткенден кийин бул мекемеде коррупция күчөп кеткенин айтты

 

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматына жаңыдан жетекчи болгон Алмаз Оңолбековдун ишин сынга алды. Акаевдин айтымында, Оңолбековдун келиши менен аталган кызматта баш аламандыктар орун алууда.

"Оңолбеков деген кишини Бажы кызматына алып келдиңер. Иштегенине 30 күн боло элек болуп жатып Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, ошол жакта көп жылдан бери иштеп келген кызматкерлерди жумуштан алып, айрымдарын кызматтан ылдыйлатып өзүм билемдик кылып жатат. Оштогу айдоочулар кайрылып, транзиттик жүктөрдөн кайрадан акча алына баштаганын айтып жатышат. Ар бир фурадан 2 миң доллардан алып жатышыптыр. Менде далилдер бар. Керек болсо кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Мындай олуттуу иштер менен жакшылап күрөшкүлө. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди Акаев.

Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан өзүнүн берген арызынын негизинде 14-майда кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган.

Кубанычбек Кулматов кызматтан кеткенден кийин бажы кызматындагы жетекчилик курамдын жарымы кызматтан кеткенин айткан эле. Алмаз Оңолбеков Бажы кызматынын кызматкерлери массалык жумуштан алынып жатканы боюнча маалыматты четке каккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(12)
24.05.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Соке иштей албайт деп Адахан айткан аны айыл чарба министирине жарайт деген жери бар беле
25.05.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nemo2016, соке жыргатпайт, орусча билбейт дейсиңер. Бирок чынында эле жыргатпай калды окшойт. Текебаев чыгып президент болбосо оңолбой калдык.
25.05.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Adiletia, Текебаев да жыргатпайт. Ал киши 2010-2016 аралыгында бир буту бийликте турду. Бул да кыйратпайт. Озу деле Атамбаевдин кенешчиси болуп жол корсотуп жургонун мойнуна алып жатат...
Tokmokchu-1 түзөттү 2018-05-25 09:43:08
24.05.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сокеден деле пайда чыкпай калды окшойт
24.05.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Соке деп бешигин терметип калдынар го баарынар... Каримовдой болсо Ксын айта албай шумуройуп отурмаксынар. Кулматов супер коррупционер болчу. АШАга 400 мин доллар пара берип шерменде болушкан го убагында баары, эсинерден чыктыбы? Айтаарым Ажого жабышпай тынч оокатынарды кылгыла.. АША жасап кеткен кашаларды зорго тазалап жатат.
25.05.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
altyn7776, сен сокени Каримовго теңебе. Каримов 30 миллион өзбекти 25 жыл кыңк эттирбей башкарды. Кыйын болсо ашаны давно камайт элего
25.05.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776, сенин Сокен кайсы кашаны тазалап жатат?!! Анын адамын кызматтан алып оз адамын кызматка койгонун каша тазалап жатат деп тушундунбу?!!Сокени Соке эле дейбиз?!! Иштеш колунан келбесе кетсин Соке!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-25 10:24:18
24.05.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынында эл күткөн нерселер болгон жок, реформаны бир ай эмес бир күндө жасаса болот, не кылып жүрөт ушул убакка чейин, эч болбосо Атамбаевге окшоп ыр жаздырбайбы
24.05.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз ажого жарыбай калдыкго да 6 жылга...
24.05.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар ушул коррупциянын атасы Болгон Кулматовду жактабай эле койсо болмок! Иштен айдалган кызматкерлер акча бергенби Жанарга айтып чык деп, акыркы куну Акаев деген фамилиянын авторитетин мен котордум деген Жанар тантып жатат! Ото окунучтуу!!! Балакай бул жолу балп эталбай калды чиркин! Атын чыкпаса беш мин ортто болуп калыптыр бул жагы...
25.05.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Diana-Ban, "балашка" да "аташкасынын" кешиктеринен ооз тийип калса керек да...

Бул Жанар Акаев дегенин тушко чейин кадыресе адам, туштон кийин Иван...
25.05.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматовду сөз кылбай эле койгулачы колунан эч бир иш келбейт, качан болсо майлуу сүттүү орундарды ээлеп отурат, кетсин башкалар да иштесин Кулматовдон башка кадр табылбай калыптырбы? Жанар эмнеге эле Кулматовко жабышып жактап калган билбейсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: