super.kg logo

Күбө: "Менден Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн башыма кап кийгизип 5-6 саат кыйнашкан"

 

"Экс-депутат Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн УКМКнын Каракол шаарындагы бөлүмүндө мени башыма кап кийгизип 5-6 саат кыйноо болгон", - деп бүгүн, 24-майда маалымат жыйында Садыр Жапаровдун ишинде күбө болгон Наристе Калчаев айтты.

Анын айтуусуна караганда, ал 2013-жылы 8 жылга эркинен ажыратылып, УКМКнын тергөө абагында 4 жыл 1 ай болгон, 2017-жылы мунапыс менен чыккан.

"Саруу окуясында Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деп 30 бала соттолду. Эң акыркы отузунчу болуп сыртта жүргөнүнө карабастан Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгон. Каракол шаарындагы УКМКда Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн мени 6 саат бою башыма кап кийгизип кыйноо болгон. Бирок кармалган 30 баланын ичинен бири да Жапаровго каршы көрсөтмө берген эмес. Анан кандай жол менен бизди көрсөтмө берди деп ишти тиркеп койгонун билбейм. Иликтөө бир тараптуу гана болгон. Мен Садыр Жапаров менен эч кандай тааныштыгым жок. Мен аны депутат катары гана тааныйм. Мындан сырткары учурда шектүү катары кармалгандардан 5 бала абакта отурат. Калгандарынын мөөнөтү бүтүп чыкты. Балдарды Саруу окуясы үчүн эмес, Жапаровго каршы көрсөтмө алуу үчүн камашкан", - деди Калчаев.

29-майда Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карамакчы.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(18)
24.05.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ошол адилетсиз сотторду кайра ишеним корсоткон сооронбай шариповчго тан калам иштечи айланайын чындыкты соз мн эмес ишин мн корсотчу
24.05.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
nemo2016,Шариповичти досу шайлаган! Ал иштей албайт сүйлөп койсо макташат сүйлөгөн сөз менен иши ажырашып жатат.
24.05.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Azatbek.Svoboda.,Садыр Жапаровтой Кыргыз элине куйгон бирда депутат жок мыкты инсан экен
24.05.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде ушундай,кылмышкерлер кочодо куноосуздор турмодо отурат!Ыкчам иликтоочулор ыкчам уруп сабап кылбаган кылмышын мойнуна алдырып коет го негизи!! Милициялар мындан кийин кылмышкерлерди ыкчам иликтоо тобу кармады дебей эле ачык айткыла да,кочодогу эле куноосуз адамга муштуму кучтуулор куноону мойнуна алдырды деп
24.05.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Садыр Жапаров акталып чыкса жакшы болот эле адилеттү өкүм чыгарып берсе жакшы болот .Урматту Сооронбай Шарипович көмөк көрсөтүң адилеттү өкүм чыгарсын сот эгер акталып чыкса тарыхта каласыз Шарипович
24.05.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
salimbek87.kg,Урматтууң эски сотторду көрсөтүп жатат Варонцова дегендерди анан кантип ал киши сен айтканды кылсын?!
24.05.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жапаровго боштондук
24.05.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президенттин ким екенин 29у корсотот екенда демек. Жапаровго боштондук
24.05.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bekov01,Буйруса С.Жапаров бошойт. Бирок Сокенин ага тиешеси болбойт Соке баягы эле киши бойдон калат иштей албайт! Же сот Саляновага окшотуп сотту өзгөртбөйт!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-05-24 13:36:26
24.05.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таң калам ушул кишиге канча күн болду иштегенине Досунан калган чоңдорду жумуштан алып кайра эле өзүнүн адамдарын жумушка алды!Ошко охранасы жок барды жумушуна соправаеждениясы жок барды азамат деп мактай баштадыңар эле кечее кандай сотторду көрсөткөнүн көрдүңөрбү?! Айылдан баштайм 35 корупциянер кырк кадам көчүн улайт кагазда калып кеттиби?!Иштейм деген президент мына коңшу президент 45 күндө Манас айылынын оңдоп койду! Иштей албаса отставкага эле кеткени жакшыго ушундай да!
24.05.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сокени мактагыла дагы иштей албайт бул киши суйлоп койуп жатат болду башын да аша да ушунтип суйлогон
24.05.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кутолуучу туугандар! Анан айталы,кайсыл ишти аткарды деп. Себеби аз эле убакыт болдуго Президент болгонуна.
24.05.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
patiydin,Алты ай Мирзийоев эки айда эмне жумуш жасаган билесиңби?! Бунун программасынын бири да аткарылбады! Дагы да досу башкарып келе жатат себеби досу оппозицияда!
24.05.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patiydin, Кыргыздын "оорусу" бул, "кутолучу", "убакыт бериш керек" деген создор...

Акаевге убакыт берип берип отуруп 15 жыл бийликте отурду. Умутунорду актадыбы?!! Бакиевге убакыт бериш керек дединер, ал да Кыргызстанды тоноду, уурдады. Атамбаев шайланганда эле айткамын, бекер шайланды, колунан жамандык эле келбесе, жакшылык келбейт деп. Жок, убакыт берели, иштейт дединер. Мына мойнунарга 3 миллиард долларды илип койду, калган кылмышын санабаганда...
Chagylgan1 түзөттү 2018-05-24 20:06:11
24.05.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
patiydin, Эми "кутолучу", "убакыт береличи" деген соз Жээнбековго жеттиби?!! Жээнбеков кыйратпайт деп ал талапкер убагында айткам. Арадан жарым жыл отту, бийликтеги Атамбаевдин жепжутарларын кызматтан алып, алардын ордуна оз жепжутарларын койгондон башка эмне иш кылды Жээнбеков?!!

Дагы качанга чейин озунорду алдап, сооротуп журосунор?!!
Chagylgan1 түзөттү 2018-05-24 20:06:32
24.05.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаровту бүт кыргыз эли күтөт ,бийликтегилерге эле жакпайт.Адилеттүүлүк болсо ал киши ал жакта отурбайт болчу,дагы жакшы жанагыда кескилеп чала жан кылып коюшканда аман калган.
24.05.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сокеш балдарды чыгарбаса жылдызы очот. Бедели да тушот эл арасында. Садыке менен Айтекени чыгарыш керек Гулсоке.
24.05.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов акталып, саясатка кайтышы керек. Ошол экоо Кыргызстанды ондой тургандар. Жээнбековдун колунан иш келбейт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: