"Алайдын" оюнчусу Алиа Силла Топ-Лиганын алкагында 10 оюндан четтетилди





Футбол федерациясынын тартип боюнча комитетинин чечими боюнча, "Алай" клубунун футболчусу Алиа Силла Топ-Лиганын алкагында 10 оюндан четтетилди. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майдагы отурумда "Алга" менен "Алайдын" беттешинде коомдук тартипти көзөмөлдөөдө тийиштүү чараларды көрбөгөнү үчүн "Алга" клубуна 50 миң сом айып салынды.
Ошондой эле беттеште башкы калыстык милдетти аткарган Тимур Файзуллинди Топ-Лиганын беттештеринде калыстык кылуудан быйылкы сезондун акырына чейин четтеткен.
Айта кетсек, 20-майда Кант шаарында Топ-Лиганын 9-турунун алкагында "Алга" жана "Алай" командалары кез келген. Оюн учурунда футболчулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Алиа Силла кызыл айып кагазын алып оюнду таштап кетүүгө аргасыз болгон. Оюндан соң коноктогу клубдун оюнчусу Силла футбол көрүү үчүн келген адамдар менен келишпестиктерден улам чатакташып кеткени маалымдалган.
кошулду

Ал эми Алганы болгону 50 мин сомго жазалаптыр. Уят да. Эмнеге Алгага 10 оюнга проигрыш бере албайсынар, 50 мин сом ордуна?!! Корунуп турат кандай иштеп жатканынар силердин.
Мындай Футбол Федерациясынын иштоого моралдык укугу жок.
Прокуратура каякты карап отурат озу?!!