Улан Примов: "Жылы эски унааларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салуу керек"
Жылы эски унааларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салуу керек. Мындай сунушту депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында айтты.
"1995-2000-жылга чейин чыгарылган унааларды өлкөгө ташып кирүүгө же каттоого тыюу салуу керек. Эски унааларды алып кирип каттоого ала берсек, экология жана жол коопсуздугу эмне болот?" - деди Примов.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева өлкөгө киргизилип жаткан унаалардын жылына карап тыюу салынбай турганын айтты.
Туйбаеванын айтымында, учурда 1 миллион 200 миң унаа каттоодон өткөн. Каттоосу жок жүргөн унаалардын саны белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Жөн эле койгула келеберсин эч болбосо запчас кылып болсода иштетебиз. Анан калганын темирге тапшырабыз.